Бүгүн,  2024-жылдын 16-апрелинде борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин маалымат жыйыны өттү.

Мэрдин айтымында, К.Ататүрк сейил багы боюнча чечимди Бишкек шаарынын мэриясы кабыл алып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылган.

Бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Муниципалитет тарабынан ыкчам чаралар көрүлөт.

«Бизде бардыгын бузуу же объекттердин жарымын калтыруу милдети жок. Баары мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын алкагында болот. Биз бул маселелерди сот аркылуу чечүүгө даярбыз. Айрым объектилер боюнча сот органдарына, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келип калышы мүмкүн», - деп белгиледи А.Джунушалиев.

Шаар башчысы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө”  токтомунда сейил бактын чек араларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбестен жер тилкелери берилгенин кошумчалады. Компенсацияга байланыштуу бардык маселелер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралат.