2024-жылдын 2-апрелинен 15-апрелине чейин Октябрь райондук администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 Маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи жалпы билим берүү уюмдарында кесиптик багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрдү.

Кесипке багыт берүүгө мектеп директорлору, 9,11-класстын бүтүрүүчүлөрү жана алардын ата-энелери катышып, анын  жүрүшүндө ата-энелер жана окуучулар жаңы инновациялык технологиялар дүйнөсү менен таанышышты.

Кесип тандоо адамдын жашоосундагы негизги милдеттердин бири экендигин белгилей кетүү керек. Бул маселе мектеп окуучулары үчүн өзгөчө актуалдуу болуп саналат.