Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Алтымышев көчөсү, 57 дарегинде жайгашкан «Алай» чайканасына карата чара көрдү.

Инспекторлор кафенин администрациясына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгү боюнча протокол жазып беришти. Айып пул 17 000 сомду түздү.

Белгилесек, «Алай» чайканасынын кызматкери Левоневский жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун четине,  көк майсанга таштанды ыргыткан.

Администрация көрктөндүрүү эрежелерин бузганын мойнуна алды. Протокол түзүлгөндөн кийин таштандылар тазаланды.