Жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумун 2024/2025-жылдын от жагуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо  максатында  22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт.

Бүгүн, 18-апрелде борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү буйрукка кол койду.

Бул иш-чаралар  жыл сайын жүргүзүлүчүү профилактикалык жана оңдоо жумуштарын ишке ашыруу  максатында өткөрүлүп келет.