Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөштү күчөтүү иштерин улантууда.

2024-жылдын 17-апрелинде муниципалдык инспекция Эркиндик бульвары, 63 дарегине   Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу унаасын жашыл аянтка жана тротуарга таштап кеткендиги аныкталган.

Унаанын ээсин табууга жана  өздүгү тактоого мүмкүн болгон жок. Окуя болгон жерге патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу келип, аны менен туура эмес токтотууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Шаар тургунуна КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык, жашыл аймакты бузуп, туура эмес токтоткондугу үчүн дароо эки айып пул салынган. Муниципалдык инспекция тарабынан Д.Н.Т.га карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүмү менен протокол түзүлдү. Айып пулдун көлөмү 5500 сомду түзгөн. Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кодекстин 188-беренесинин 1-бөлүгү боюнча  1000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Ошондой эле Toyota Ist үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Унаа ээси унаа токтотуу эрежесин бузган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын  мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күн сайын рейддер жүргүзүлүп келет.

Урматтуу жарандар, айдоочулар! Унааларды уруксат берилбеген жерлерге токтотпоону суранабыз, антпесе муниципалитет эвакуациялоо чараларын көрүүгө, ошондой эле айып пул салууга мажбур болот.