Борбор калаада 2024-жылдын 29-апрелинде Т.Усубалиев атындагы аянтта өтүүчү «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланат.

Концерт дирижер Азамат Кулубековдун жетекчилиги астында ата мекендик эстрада жылдыздары менен биргеликте 2000-жылдардагы музыкалык шедеврлерди аткаруу менен жагымдуу маанай тартуулашат.

Белгилей кетсек, иш-чара Бишкек шаарынын туулган күнүнө арналат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди биз менен бирге жагымдуу атмосферада популярдуу ырлардан ырахат алууга чакырабыз.