Борбор калаада 2024-жылдын 17-апрелинде «Бишкек шаарынын “Жашыл шаар иш-аракеттер планы» долбоорунун бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова катышты.

Иш-чаранын катышуучулары бул долбоор Бишкек шаарынын экологиясын өнүктүрүү жана коргоо үчүн зарыл жана маанилүү экенин белгилешти.

«Бишкек шаарынын “Жашыл шаар иш-аракеттер планы» долбоору экологиялык маанилүү факторлорду эске алуу менен «жашыл» шаарды түзүү программасы болуп саналат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Япония өкмөтүнүн жана Эл аралык консалтинг компаниясы – NTT DATA колдоосу менен уюштурган.