Бүгүн, 19-апрелде  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чыгыш-5 кичи району, 18/1 дарегиндеги имаратка барды. Ал жерде болжол менен 500 балага ылайыкталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси уюштурулат.

Ага мэрдин орун басары Азамат Кадыров, Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Учурда аталган объект реконструкцияланып жатат. Капиталдык курулуш башкармалыгына имараттын курулушун жана анын айланасындагы тосмону бардык эрежелерге ылайык карап чыгуу милдети жүктөлгөн.

Ошондой эле тиешелүү кызматтарга келечектеги бала бакча имаратынын жанындагы соода объектилеринин мыйзамдуулугун кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Айбек Джунушалиев курулуш жүрүп жаткан бардык муниципалдык объекттерде дөңгөлөктөрдү тазалоо (жууп-тазалоо) пунктун милдеттүү түрдө уюштуруу керектигин баса белгиледи.