Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиев менен Бишкек шаарынын тургуну, сыноочу-космонавт Сергей Корсаковдун жолугушуусу болуп өттү.

«Бишкек мен үчүн жөн эле туулуп өскөн жер эмес. Менин космоско учуу кыялым ушул жерде жаралган», - деп белгиледи С.Корсаков.

Айбек Джунушалиев келип бергени үчүн ыраазычылык билдирип, эсте калаарлык белек тапшырды. Өз кезегинде Сергей Корсаков космостон алынган архивдик сүрөтүн тартуулады.

«Сиздин өз шаарыңызды унутпаганыңыз кубандырат. Сиз өз аракетиңиз менен өсүп келе жаткан муунга кыялдар орундаларын көрсөттүңүз», - деди Айбек Джунушалиев.

Жолугушуу жылуу жана достук кырдаалда өттү.