Бүгүн, 20-апрелде, борбор калаанын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында төрт райондун, муниципалдык инспекциянын жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине борбор калааны кыдырып, бардык маселелерди жеринде көрүп, белгиленген тартипте чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

«Менин катышуумда иш күндөрү күнүнө эки жолу эртең менен саат 6:00дөн 8:30га чейин жана  21:00дөн 23:00гө чейин шаарды кыдырып текшерүү графигин түзүүнү суранам. Биз кеңселерде отурбашыбыз керек», - деп кошумчалады борбордун башчысы.

Приоритеттүү маселелер белгиленди: жолдордун абалы, туура эмес унаа токтотуучу жай, жашыл зоналар, имараттардын фасадынын көрүнүшү жана башкалар.

Мындай текшерүүлөрдү эртең менен жана кечинде үзгүлтүксүз уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары, төрт райондун акимдерине муниципалдык инспекция менен бирдикте чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлерине жанаша жайгашкан аймактарда, өзгөчө жашыл аймактарда тартипти калыбына келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.