Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоого салым кошту.

Ишембиликте  муниципалдык инспекциянын жетекчилиги Октябрь районун тазалады.

Бул иш-чаранын алкагында инспекциянын кызматкерлери Чокан Валиханов жана Баялы Исакеев көчөлөрүнүн боюндагы жашыл аянттарды таштандылардан жана жалбырактардан тазалоо иштерин  жүргүзүштү.

Тазалык күнүнө «Капитал Банктын» кызматкерлери кошулуп, өздөрүнө бөлүнгөн аймакта тазалык иштерин жүргүзүштү.

Жалпысынан иш-чарага 120 адам катышты. Чокан Валиханов менен Баялы Исакеевдин көчөсү жарым күндө тазаланды. Бул жерден 15 тоннага жакын таштандыны “Бишкекжашылкурулуш” МИнин атайын техникасы чыгарган.

Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы шаарда тазалыкты жана тартипти сактоого багытталган комплекстүү өзүнө тиешелүү иш-чараларды өз күчү менен активдүү жүргүзүүдө.