Свердлов районунда оор турмуштук кырдаалда жашаган балдардын жана үй-бүлөлөрдүн абалы, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчеттук жыйын өттү.

Жыйынга район башчысы Алтынбек Кутманов, акимдин орун басары Асел Садыкова, жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору жана тарбия иштери боюнча орун басарлары, Социалдык өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, ошондой эле Свердлов райондук ИИБнын балдар иштери боюнча инспектору катышты.

Райондук социалдык өнүктүрүү департаментинин, балдар иштери боюнча инспекциясынын жана райондук билим берүү борборунун баяндамалары угулду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жашы жете электер арасында укук бузуулардын жана кылмыштардын, балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларда ведомстволор аралык байланышты күчөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле жашы жете электердин ден соолугуна зыян келтирүүсүнө түрткү болгон интернет контенттин жайылтылышын алдын алуу, ага каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен максаттуу иш-чараларды уюштуруу милдети коюлду.

Мындан тышкары, иштеген, окубаган балдар, ошондой эле тилемчилик кылган жашы жете электер маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынды.