Бишкек шаарында жеке турак жай курулушунун ээлери көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн жанаша жайгашкан жер тилкесин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.  

Эгерде сиздин жер тилкеңиз муниципалдык аймактын эсебинен чоңойтулган болсо, анда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен 3 жылга ижара келишимин түзүп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн мыйзамдаштырууга болот.

Бул иш-чара “Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”  Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 95 токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Арыз берүү үчүн документтердин тизмеси:

1. Паспорт (көчүрмөсү менен);
2. Техникалык паспорт (көчүрмөсү менен);
3. Жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (көчүрмөсү менен);
4. Сатуу-сатып алуу келишими (көчүрмөсү менен);
5. Белек кылуу келишими:
6. А4 форматындагы кошумча жер тилкесинин сүрөтү;

Кошумча суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылсаңыз болот: Шевченко көчөсү, 25, 4-кабинет. Байланыш телефону: 0312 45 56 53, 0312 97 91 95 (кошумча 4205). Иштөө убактысы: 09:00дөн 18:00гө чейин.