Улуттук Гвардиянын №10128 "Пантера" аскердик бөлүгүндө Ленин районунун жалпы билим берүү  уюмдарынын арасында жаштарды аскердик кызматка даярдоо боюнча "Эр жигит – 2024" спартакиадасы өттү.

Спартакиадага жалпысынан он алты команда катышып, төмөнкү тапшырмаларды аткарышты:

- саптык даярдык;
- күч көнүгүүлөрү;
- 100 метрге чуркоо;
- автоматты чачуу жана чогултуу;
- команданын курамында 1000 метрге чуркоо;
- гранатаны аралыкка ыргытуу;
- ылдам  атуу.

Жыйынтыгында:
№7 мектеп - 1-орун;
№57 мектеп - 2-орун;
№84 мектеп - 3-орун ээлешти.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга ар бир тапшырманы аткарууда активдүү катышкандыгы жана өзгөчө ийгиликтери жараткан үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук аскер комиссариатынын дипломдору тапшырылды.

Райондук этапта 1-орунду ээлеген команда шаардык турга катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Октябрь районунда спорттун аскердик-прикладдык түрлөрү боюнча тандоо спартакиадасы генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин базасында өттү.

Райондук этапка 12 команда катышты. Мектеп окуучулары ок атуу, турникке тартылуу, граната ыргытуу, 100 метр жана 1000 метр аралыкка чуркоо, ошондой эле автоматты чачуу  жана куроо боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун - №62 ОТК;
2-орун-  №73 мектеби;
3-орун-  №88 мектеби.

Белгилей кетсек,   Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.