Бүгүнкү күндө Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыктагы бардык чийиндерди жаңылоо иштери жүрүп жатат.

Ч.Айтматов проспектисинде Резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин, Профсоюзная көчөсүндө   Фучик көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүндө   Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки аралыктагы чийиндер жаңыланды.

Адистер ушундай эле иштерди «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында төмөнкү даректер боюнча жыйынтыкташты:

- Чүй проспектиси – Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинде;
- Абдрахманов көчөсү - Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде ;
- Чүй проспектиси - Фучик көчөсүнүн кесилишинде;
- Чүй проспектиси - Павлов көчөсүнүн кесилишинде;
- Садыгалиев көчөсү - Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде ;
- Алыкулов көчөсү - Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде .

Мындан тышкары, Манас - Бөкөнбаев, Манас-Токтогул, Манас-Киев көчөлөрүндөгү жөө өтмөктөр жаңыланды.

Ошондой эле ишкананын кызматкерлери Манас проспектиси боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Резиденцияга чейинки жолдогу бордюрларды сырдоо иштерин улантууда.