Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Безымянная көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн  Таш-Көмүр көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо үчүн жабылды.

Бүгүнкү күндө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтын сыйрып, жердин негизин даярдоо боюнча иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, ирригациялык система жана бордюрлар кезеги менен орнотулат.

Курулуш иштерин аяктоо 2024-жылдын май айынын ортосуна пландаштырылды.