«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык ишканасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн адистери автобустардын айдоочулары менен үзгүлтүксуз иш алып барууда.

Аларга жол эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты, ошондой эле автобустун айдоочусунун кызматтык нускамасы боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Жол эрежесин сактаңыз жана мүмкүн болушунча коомдук транспортко жол бериңиз.