Бишкек шаарынын  мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөштү улантууда. Башаламан унаа токтотуу жайлары байкалган жашыл аймактарга чектөөчү ленталарды орнотуу боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.

Жашыл жерлерди кызыл лента менен тосконуна карабастан, «акылдуу» тартип бузгандар ленталарды үзүп, жадагалса чектөөчү ленталар аркылуу унааларын токтотуунун жаңы жолдорун табышууда.

Октябрь районунун Тунгуч кичи районундагы мындай одоно мыйзам бузууну тынчсызданган жаран байкап, далил менен муниципалдык инспекцияга кайрылган. Сүрөттө 01 KG 737 AFD мамлекеттик номурлуу Honda CRV унаасын  айдоочу чектөөчү ленталардын ичине кантип токтотуп койгонун көрүүгө болот. Телефон номерин жана айдоочунун өзүн табууга мүмкүн болбогондуктан, кайрылуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милиция бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Урматтуу жарандар, айдоочулар!  Тартип бузгандарга карата муниципалдык инспекторлор тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык айып салынарын жана андан ары чаралар көрүлөрүн эскертебиз.