2024-жылдын 28-апрелинде борбор калаада велосезондун ачылышы болот.

Ошентип, Бишкек шаарынын күнүнө арналган веложарыш саат 10:00дө Кыргызстан – Азербайжан  Достук паркында башталат. Каттоо саат 09:00дөн 9:30га чейин болот. Катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде аяктайт.

Мындан тышкары иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти «Вело friends позитив kg» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.

Белгилей кетсек, жол жүрүү маршруту төмөндөгү схема боюнча жабылат.