Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Чэнду шаарынын мэри Ван Фэнчаонун эки тараптуу жолугушуусу  өттү.

Тараптар эки шаардын муниципалитеттеринин ишмердүүлүгүнө токтолуп, экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана экономикалык жана соода алмашууга багытталган жалпы иш-чараларды өткөрүүдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Айбек Джунушалиев Чэнду Элдик Өкмөтүнө Бишкек жана Чэнду шаарларынын муниципалитеттеринин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, аны жакынкы келечекте Кыргызстандын борборуна келип кетүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Бишкек учурда Кыргыз Республикасынын борборунун инвестициялык потенциалын жогорулатууга көңүл буруп жатканын жана инвестициялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жалпы идеяларга жана кызыкчылыктарга байланыштуу тармактарда мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга жана тажрыйба алмашууга ыраазычылык жана үмүттөрүн билдиришти.

Маалымат: Чэнду Сычуань провинциясынын негизги шаары. Бул Кытайдын түштүк-батышындагы эң чоң шаар. 21 миллион калкы жана ИДПсы 2,2 триллион юань болгон бул Кытайдын бизнес чөйрөсүнүн эталону болуп саналат. Ошондой эле, Чэнду шаары 2019-жылы шаарды кеңейтүү реформасын жүргүзгөн.

2023-жылдын 24-октябрында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Төрагасы Ли Цяндын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Бишкек шаары менен Чэнду шаарларынын байланышы түзүлгөн.