Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык калаадагы жол тилкелеринин, жөө адамдар баса турган бөлүктүн абалы тууралуу маалымат топтоо жана көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду.

Борбордун аймагындагы жолдун абалы боюнча, тактап айтканда талкаланган, чөгүп кеткен, аң чөнөк пайда болгон тилкелер тууралуу сүрөт жана видеолорду ыкчам байланыш номурларына жиберсеңиздер болот.

Бишкек шаарынын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин калаанын төрт муниципалдык райондоруна жоопту катары бөлүнгөн кызматкерлери маалыматты иргеп, акимчиликтер жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен бирге кемчиликти жоюу тууралуу аракет көрүшөт.

Ага ылайык төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылууларды жиберсеңиздер болот:
Октябрь району - Осмоналиев Азамат, 0708 83 83 23, 0312 53 03 15
Ленин району – Шаршамбеков Кубаныч, 0555 31 21 85, 0312 53 03 15
Биринчи май району – Мамыр уулу Бакберген, 0500 500 257, 0312 53 03 15
Свердлов району – Борубаев Талант моб. 0707 65 17 17, 0312 53 03 15

Урматтуу, шаар тургундары, сиздер жиберген ар бир кайрылуу каралат жана кемчиликти жоюу боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу билдирилет.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарынын мэриясы борбордун негизги 6 көчөсүндө жол тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Андан тышкары аң-чөнөктөрдү оңдоо жумуштары планга ылайык активдүү уланууда.