Бишкек шаарындагы шаардык кызматтар муниципалитетке болгон карызы үчүн Чуй проспектиси, №261/2 дарегиндеги муниципалдык турак эмес жайды бошотуу иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын, жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын, күч түзүмдөрүнүн жана "Тазалык" МИнин кызматкерлери жеринде иш алып барды.

2022-жылдын 27-апрелинде Б.Х Кадырбаев менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин ортосунда Чуй проспектиси №261/2 дареги боюнча ижара келишими түзүлгөн.

Бирок, ижарачы тарабынан ижара акысын төлөө келишиминин шарттары системалуу түрдө бузулган. Мунун негизинде Департамент тарабынан муниципалдык турак эмес жайдан чыгаруу чечими кабыл алынган.

Урматтуу ижарачылар! Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти болгон карыздардын баарын убагында төлөөнү кайрадан эскертет! Болбосо, биз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө аргасызбыз.