Бишкек шаарында 29-апрелден тарта №216 автобус каттамы иштеп баштайт.

Буга чейин аталган каттамда кичи автобус иштеп келген. Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт.

Акыркы аялдама “Ак-Өргө” жаңы конушунда жана “Аламедин-1” кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот. Алардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылган.

Мындай чара борбордун коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүүнүн алкагында ишке ашууда.

Белгилей кетсек, учурда Кытай өлкөсүнөн алынган  автобустардын экинчи партиясы келип жатат.

Бара-бара бардык кичи маршруттук каттамдар автобустарга алмаштырылат.