Октябрь районунда стимул берүүчү гранттар боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда 15 долбоор каралды.

Алсак, 14 долбоор жактырылып, стимул берүүчү гранттын эсебинен каржылоого сунушталса, 1 долбоор кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Каражаттар негизинен жумшак чатырларды, подъезддерди оңдоого, терезе блокторун алмаштырууга жана башкаларга багытталган.

Эскерте кетсек, гранттар Бишкек шаарынын аймагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, коомдук активдүүлүктү жогорулатууга жана муниципалдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүү жолдорун иштеп чыгууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого бөлүнөт.

Эскерте кетсек, 2024-жылга стимул берүүчү гранттарга арыздарды кабыл алуу боюнча иштер белгиленген тартипте 2024-жылдын 1-августуна чейин уланат.

Стимул берүүчү гранттар аркылуу жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун каржылоо шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн иш күндөрү төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот: 57-35-98.