Бүгүн,   29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара Бишкек Баатырдын эстелигинде өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев чакырылган конокторду жана жалпы шаардыктарды шаар күнү  менен куттуктады.

«Бишкек татаал тарыхый жолду басып өттү. Ал Кыргызстандагы бардык өзгөрүүлөргө, жаңыланууларга күбө болду. Шаарыбыз күн сайын өзгөрүүдө, сырткы гана эмес, географиялык жактан да өзгөрүүдө – Бишкек үч эсе кеңейүүдө. Бул дагы бир окуянын башталышы. Учурда республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борборунун аймагына стадион куруунун, «Спартак» стадионунун кичи аренасын жана Ала-Тоонун борбордук аянтын оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз. Жаңы объектилердин, жолдордун саны гана эмес, шаардын бюджети да көбөйүүдө. Быйылкы жылы бюджет 32 590,5 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле коммуналдык чарбабыздын материалдык-техникалык базасын жогорулатууну пландаштырып жатабыз. Жол инфраструктурасын жакшыртуу жана тыгындарды чечүүнүн алкагында 6 негизги көчөдө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөбүз. Тыгындарды азайтуу үчүн жаңы системалар - "акылдуу светофорлор" жана электрондук паркинг киргизилүүдө.  Бишкек шаарынын мэриясы жашыл, кооз, маданий жана жайлуу борборубуз менен сыймыктануу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деп белгиледи борбор калаа башчысы.

Чакырылган коноктор  -  Бишкек шаарынын ардактуу атуулдары үчүн  борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобунун аткаруусундагы музыкалык композициялар тартууланды.

Борбор калаанын бардык булуң-бурчтарында күнү бою майрамдык иш-чаралар өтөт. Негизги иш-чара Т.Усубалиев атындагы аянтта саат 18:00дө башталат.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди сүйүктүү Бишкек шаарынын  күнүн чогуу тосууга чакырабыз.