Бишкек шаарында борбор калааны 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2026-2027-жылдарга болжолунун долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт.

Иш-чара 14-майда саат 10:00дө Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги “Таберик” балдар музыкалык театрынын залында өтөт.

Белгилей кетсек, талкууга Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, район жетекчилери, активдүү жарандар, коомдук уюмдардын эксперттери катышат.

Урматтуу жарандар! Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефон номерине кайрылсаңыздар болот: (0312) 66-09-30.

Программалык документтердин мазмуну менен төмөнкү шилтемеден таанышууга болот: https://www.gorkenesh.kg/draft-decisions-kyr/5765-2025-zhylga-karata-bishkek-shaaryn-sotsialdyk-ekonomikalyk-n-kt-r-programmasyn-zhana-2026-2027-zhyldarga-bolzholun-bekit-zh-n-nd.html