Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тышкы жарнаманы жөнгө салуу боюнча рейддерди өткөрүүдө.

Алсак, текшерүү иши Медеров көчөсүнөн баштап  Байтик Баатыр көчөсүн бойлой Матросов көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Натыйжада 28 жарнама конструкциясы алынды.

Буга чейин шаардык кызматтардын курамындагы комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын  жайгаштыруу жана эксплуатациялоону иретке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Бул багыттагы иштер дагы да улантылат.

Урматтуу жарандар жана ишкерлер!

Объектилериңиздин сырткы көрүнүшүн, сырткы жарнаманы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келтирүүнү суранабыз.