«Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 7-майынан 15-майына чейин «Шаардагы бак-дарактарды илдеттерге жана зыянкечтерге каршы комплекстүү түрдө дарылоо» программасын ишке ашырууда.

Бак-дарактар – биздин шаардын экосистемасынын ажырагыс бөлүгү, биздин милдет алардын иммунитетин сактап калуу.

Ошондой эле жашыл мейкиндиктер оорулар жана зыянкечтердин зыяны сыяктуу ар кандай коркунучтарга дуушар болот.

Акыркы эки жылда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен болгон талкуулардын негизинде 2024-жылдын 1-майынан 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти менен биргеликте эки жумалык дары чачуу программасын ишке ашыруу чеч
ими кабыл алынды.

«Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы дарактарды мите курттардан коргоо жана жакшы өсүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бул программаны ишке ашырууда.

Чачуу иштери түнкүсүн айлана-чөйрөгө жана пайдалуу организмдерге зыяны жок продукцияны колдонуу менен жүргүзүлүүдө.

Борбор калаанын ландшафтчылары жеке ден соолугуна каршы көрсөтмөлөрдү болтурбоо үчүн шаар тургундарын дары чачкан жерлерден кыска убакытка алыс болууну сунуштайт.

Урматтуу шаардыктар! «Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы зыянкечтерге каршы күрөшүү жана борбордун жашыл көрүнүшүн сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.