2024-жылдын башынан бери башаламан сооданын алдын алуу жана жоюу максатында Свердлов райондук администрациясы МАБ менен биргеликте  жана тиешелүү кызматкерлердин катышуусунда 58 рейд уюштурулган.

Стихиялуу соодагерлердин жери:
-Шопоков көчөсүндөгү ЦУМ «Айчүрөк»  айланасы;
-«Ак-Эмир» кичи базары;
-Курманжан Датка көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилиши (Аламүдүн базары);
-7 Апрель көчөсү (жер үстүндөгү көпүрө, Мадина базары);
-«Аламүдүн-1» кичирайону Ауэзов көчөсү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жоюлган пункттардын жалпы саны 131 бирдикти түздү, 43төн ашык жарнама конструкциялары жана 180ден ашык ар кандай ээси жок объектилер – отургучтар, столдор, тартмалар, шкафтар, кол чатырлар ж.б. алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин сатуучуларга борбордо соода эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын
буйруктары берилип, административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилген.

Бирок сатуучулар уруксаты жок жерлерде соодасын уланта беришкен.

Өз кезегинде 2024-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин, буга байланыштуу
акимчиликтин адистери КР «Укук бузуулар жөнүндө»
кодексинин 434 жана 179- беренесине ылайык 213 мин сомго
71 протокол түзүүгө аргасыз болушту, айып пул суммасы -жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын аймагында соода жана жарнама  жүргүзүү эрежелерин сактоону суранабыз.