Биринчи май акимиатында  райондун аймагындагы экономикалык иштерди жүргүзүп жаткан жеке ишкер субъектилерин изилдөө кеңешмеси өттү.

Иш-чаранын негизги максаты Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте салык базасын көбөйтүү жана жергиликтүү бюджеттин кошумча резервдерин аныктоо болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштин негизинде, Биринчи май районунун салык базасын жаңылоо пландалууда. Ишкерликтин объектилерин  изилдөө муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Кеңешме район башчысы А.Биримкуловдун төралыгы алдында башчынын биринчи орун басарынын, фискалдык жана финансылык органдардын катышуусу менен өттү.