Бишкек шаарынын мэриясынын токтому

Бишкек шаары, 2018-жылдын 9-февралы № 8

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын уставын жана штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын иш-аракеттерин жана оптимизациялоо процесстерин андан ары өркүндөтүү, ошондой эле "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын так максаттарын, милдеттерин жана иш-милдеттерин белгилөө максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2018-жылдын 1-январынан тартып "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын уставы жана штаттык ырааттамасы 1, 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги № 24 токтомуна 1, 3-тиркемелер күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.


Бишкек шаарынын мэри


А.Ибраимов


Бишкек шаарынын мэриясынын
2018-жылдын 9-февралындагы
№ 8 токтомуна
1-тиркеме

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ

I. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана "Бишкекбашкыархитектура'' муниципалдык ишканасынын (мындан ары - "Бишкекбашкыархитектура" МИ) иш-аракеттерин регламенттейт.

1.2. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин уюмдаштыруучусу болуп Бишкек шаарынын мэриясы (мындан ары - Мэрия) эсептелет. ''Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясына түздөн-түз баш иет.

1.3. Ишкананын толук аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Бишкекбашкыархитектура'' муниципалдык ишканасы;

- расмий тилде: муниципальное предприятие "Бишкекглавархитектура".

1.4. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, индекс 720017, Бишкек шаары, С.Чокморов көчөсү, 185.

1.5. ''Бишкекбашкыархитектура'' МИ чарба жүргүзүү укугунда уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн муниципалдык ишкана болуп эсептелет.

1.6. "Бишкекбашкыархитектура" МИ өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

1.7. "Бишкекбашкыархитектура" МИ юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.

1.8. "Бишкекбашкыархитектура" МИ белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.

1.9. "Бишкекбашкыархитектура" МИ өз иш-аракеттерин мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана чыгармачыл бирликтер менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.

II. Максаттары

2.1. Бишкек шаарынын аймагында жана шаар четиндеги чөлкөмдөрдө, шаар куруу-архитектуралык иш-аракеттер чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты жүргүзүү жана ишке ашыруу.

2.2. Шаардын бүтүндүк жана шайкеш өнүгүүсүн жана анын архитектуралык, шаар куруу, мейкиндик комплекстеринин ыңгайлуу пландуу түзүмүн жана рационалдуу транспорттук, коммуникациялык инфратүзүм чөлкөмдөрүн түзүү.

2.3. Шаардык ландшафттын, тарыхый-маданий мурастардын, шаар куруу, архитектура жана монументалдык искусство эстеликтеринин эстетикалык сапатын сактоо жана арттыруу.

2.4. Шаардын курулушунун архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана архитектуралык-көркөм таасирдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу.

III. Жалпы милдеттери

3.1. Шаардын Башкы планынын ишке ашырылышын контролдоону камсыз кылуу, турак жай райондорунун, инженердик инфратүзүмдүн сапаттуу комплекстүү курулушун жана көрктөндүрүлүшүн жүзөгө ашыруу.

3.2. Шаардын аймагын өнүктүрүүнүн сапаттуу комплекстүү курулушунун жана көрктөндүрүү элементтеринин учурдагы жана келечектүү милдеттерин чечүүгө багытталган архитектуралык-шаар куруу иш-чараларын жүзөгө ашыруу.

3.3. Шаар куруу чечимдеринин социалдык-экономикалык натыйжалуулугунун мониторинги.

3.4. Белгиленген тартипте макулдашылган жана бекитилген баалар боюнча иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.

3.5. Майыптардын жана калктын башка аз кыймылдуу топторунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен толук жашоо-тиричилик чөйрөсүн түзүү.

3.6. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин иш-аракеттерин маалыматтык жана программалык камсыздалышын күчөтүү.

IV. Иш-милдеттери

4.1. Архитектуралык-шаар куруу иш-аракеттеринде илимий изилдөөлөрдүн, технологиялык жана инновациялык иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын пайдаланууга көмөк көрсөтүү.

4.2. Кичирайондордун, турак жай топторунун, шаар куруу чөлкөмдөрүнүн, өзүнчө имараттардын, курулмалардын жана ландшафттык объекттердин тажрыйба-көрсөткүчтүк жана эксперименталдык курулушун уюштурууга катышуу.

4.3. Шаар куруу жана архитектура талаптарынын бөлүгүндө долбоордук, илимий-изилдөөчүлүк, ошондой эле издөөчүлүк иштерин координациялоо.

4.4. Бишкек шаарында курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерин, жерди пайдаланууну тартипке келтирүү иш-чараларын иштеп чыгууну уюштуруу жана белгиленген тартипте бекитүүгө сунуштоо.

4.5. Шаардын аймагында жана шаар четиндеги аймактарда колдонулуучу архитектуралык, шаар куруу саясатын ишке ашырууга катышуу.

4.6. Долбоорлорду жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча кеңештерди, жыйындарды, конференцияларды, сынактарды белгиленген тартипте уюштуруу.

4.7. Курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандоону жүзөгө ашыруу, укуктарды берүүгө шаар куруу корутундуларын даярдоо жана жер участокторунун чек араларын, кыймылсыз мүлк объекттеринин функционалдык багытын өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө техникалык сунуштамаларды жана корутундуларды аныктоо, жеңилдетилген типтеги объекттерди уюштуруу жана жайгаштыруу.

4.8. Аткаруучулук жана топографиялык съемкаларды аткаруу, имараттардын, курулмалардын, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун жана чек араларын, ошондой эле шаар курулушун жөнгө салуу сызыктарын жеринде (нагына чыгаруу) белгилөө.

4.9. Шаар курулушун жөнгө салуу сызыктарынын өзгөрүшүнүн (белгиленишинин) актыларынын бөлүнгөн чиймелерин иштеп чыгууну аткаруу жана аларды бекитүүгө сунуштоо.

4.10. Жаңы курулуш объекттерин долбоорлоого, курууга, кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүүгө архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды, архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу.

4.11. Көчө-жол тармактарынын, шаардык аймактарды көрктөндүрүүнүн жана жашылдандыруунун, кичи архитектуралык формаларды жайгаштыруунун долбоордук документтерин, түс чечимдеринин, имараттардын бет-маңдайларын архитектуралык-көркөм жасалгалоонун долбоорлорун, дизайнердик иштерди жана сырткы маалыматтык-жарнак иш-аракеттерин, ошондой эле жоопкерчилик деңгээлине ылайык долбоордук документтерди иштеп чыгуу.

4.12. Долбоордук жана шаар куруу документтерин белгиленген тартипте макулдашуу жана бекитүү.

4.13. Турак жана турак эмес жайларды куруу, реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждык иштерди жүзөгө ашырууга уруксат берүү.

4.14. Шаардык шаар куруу кадастрын, ошондой эле кезметтик планды жана шаардык аймактын схемаларын жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу.

4.15. Картографиялык негизди түзүү жана жүргүзүү, таяныч геодезиялык тармакты, бирдиктүү геомаалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү, шаардын аймагында геомейкиндик маалыматтарынын банкын түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо.

4.16. Жер участокторун бөлүп берүү боюнча документтердин, макулдашылган долбоорлордун техникалык документтеринин бардык түрдөгү шаардык инженердик инфратүзүмдүк коммуникациялар боюнча документтердин техникалык архивин түзүү.

4.17. Тарыхый-маданий мурас эстеликтерин эсепке алуу жана инвентаризациялоо, коргоо милдеттенмелерин берүү, шаарда географиялык объекттердин аталыштарынын жана кайра атоонун хронологиясын жүргүзүү.

4.18. Курулуш долбоорлорун иштеп чыгуунун жүрүшүндө учурдагы курулуштарды тыгыздаштыруу маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү.

4.19. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча долбоорлоого, курууга, жана кыймылсыз мүлк объекттерин башка өзгөртүүгө уруксат документтерин берүү боюнча иштерди уюштуруу.

4.20. "Бишкекбашкыархитектура" МИге жүктөлгөн башка иш-милдеттерди мыйзамдарга ылайык аткаруу.

V. Укуктары

5.1. Чарба жүргүзүү укугунда мүлккө ээ болуу, өзүнүн иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык аларга ээлик кылуу жана пайдалануу.

5.2. Өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болуу, милдеттерди алуу, сотто доогер жана жоопкер болуу, мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзүү.

5.3. Өз компетенциясынын чегинде шаар куруу жана архитектуранын бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу.

5.4. Ченемдик, архитектуралык-шаар куруу талаптарына жооп бербеген долбоорлорду макулдашуудан баш тартуу.

5.5. Бишкек шаарынын аймагындагы курулуш, курулуш-монтаждык жана тапшырыкчылардын долбоордук уюмдарына, алардын багытына, менчигинин түрүнө жана курулуш ыкмасына карабастан барууга.

5.6. Шаар куруу мыйзамдарын бузган жеке жана юридикалык жактарды (алардын менчигинин түрүнө карабастан) жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга, Мэрияга жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө билдирүү.

5.7. Колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен иш аткарган долбоордук уюмдардын долбоорлоо укуктарын жокко чыгаруу жана лицензиясын чакырып алуу тууралуу ыйгарым укуктуу органга сунуш киргизүү.

5.8. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу.

5.9. "Бишкекбашкыархитектура" МИге жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн, тиешелүү органдардан зарыл болгон маалыматтарды алуу.

5.10. Шаар куруу-архитектуралык иш-аракеттер чөйрөсүндө уюмдар, ишканалар жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташууну жүзөгө ашыруу.

5.11. "Бишкекбашкыархитектура" МИни өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча пландоону, мониторингди, талдоону жана баалоону жүргүзүү.

VI. Милдеттери

6.1. Архитектуралык чечимдердин жана шаар куруу иш-чараларынын натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди уюштуруу.

6.2. Кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу жана мыйзамда белгиленген тартипте алардын ден соолугуна жана эмгек жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти тартуу.

6.3. Тиешелүү органдарга өз убагында отчётторду берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө.

6.4. Өзүнүн иш-аракеттерин ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Мэриянын чечимдерине ылайык жүзөгө ашыруу.

6.5. Шаар куруу-архитектуралык органдарда кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.

6.6. Чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын камсыз кылуу.

6.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" МП ушул Уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ боло алат.

VII. Эмгек мамилелери

7.1. "Бишкекбашкыархитектура" МИ кызматкерлердин квалификациялык талаптарын өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер мыйзамдар жана локалдык ченемдик актылар тарабынан жөнгө салынат.

7.2. "Бишкекбашкыархитектура" МИ зарыл болгон көлөмдөгү ишти аткаруу үчүн, мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде кызматкерлерди тарт укугуна ээ.

7.3. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кызматкерлеринин иш жана эс алуу шарттамы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана локалдык ченемдик актылар тарабынан жөнгө салынат.

VIII. Иш-аракеттерди уюштуруу

8.1. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин иш-аракеттерин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Мэрия жүзөгө ашырат.

8.2. Мэрия "Бишкекбашкыархитектура" МИнин иш-аракеттерине тиешелүү ар кандай маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

8.3. "Бишкекбашкыархитектура" МИни башкаруу, Бишкек шаарынын мэри тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу начальник тарабынан жүзөгө ашырылат, ал Бишкек шаарынын башкы архитектору да болуп эсептелет.

8.4. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ, жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын негизинде аракеттенет.

8.5. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги Мэрияга отчёт берет жана ишкананын жалпы иш-аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

8.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин мүлкүн, каржылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат.

8.7. Өзүнүн компетенциясынын чегинде, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү жана тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат.

8.8. Ишеним катсыз бардык мамлекеттик органдарда жана республиканын уюмдарында "Бишкекбашкыархитектура МИнин кызыкчылыктарын көздөйт, келишимдерди түзөт, ишеним, кепилдик каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык, каржылык документтерге жана келишимдерге кол коёт.

8.9. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин түзүмдүк, штаттык санын, кызматтык маяналары жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды Бишкек шаарынын мэрине бекитүүгө сунуштайт.

8.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларга ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын кабыл алат.

8.11. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги, Бишкек шаарынын мэринин буйругу менен кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу үч орун басарга ээ. Ошондой эле начальниктин буйругу менен дайындалуучу жана бошотулуучу "Бишкекбашкыархитектура" МИнин тиешелүү башкармалыктарынын начальниктерине ээ. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги жок болгон учурда ишкананы жетектөө, буйрук менен начальниктин орун басарларынын бирине жүктөлөт.

8.12. Начальниктин орун басарларынын жана башкармалыктардын начальниктеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.

8.13. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кызматкерлерин кызмат орундарына дайындайт жана бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларга ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын, тартибин жана өлчөмүн белгилейт.

8.14. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги, зарыл болгон учурларда, иштерди анын ичинде акы төлөнүүчү иштерди аткаруу үчүн, долбоорлоочулардын туруктуу же убактылуу чыгармачыл жамааттарын, долбоордук - кеңеш берүүчү бюролорун, эксперттик топторду жана келишимдик негизде архитекторлорду жана башка адистерди ишке тартуу менен ведомстволор аралык комиссияларды түзөт жана жетектейт.

8.15. Мыйзамдарга, эмгек шарттарына жана башкаларга өзгөртүүлөр киргизилген учурларда, Мэрияга ушул Уставга оңдоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет.

8.16. Шаар курууну, архитектураны жана шаардын инфратүзүмүн өнүктүрүүдө стратегиялык багыттарды аныктоо, Бишкек шаарынын Башкы планынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча квалификациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана шаардын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн, "Бишкекбашкыархитектура МИнин карамагында туруктуу ведомство аралык коллегиялык орган - Шаар куруу кеңеши түзүлөт.

8.17. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги Шаар куруу кеңешинин төрагасынын орун басары катары катышат.

8.18. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүзөгө ашырат.

IX. Мүлкү жана финансылык камсыздалышы

9.1. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин мүлкү чарба жүргүзүү укугунда "Бишкекбашкыархитектура" МИге бекитилген негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат.

9.2. "Бишкекбашкыархитектура'' МИнин кирешелеринин түзүлүшүнүн булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- уруксат берүүчү иш-аракеттердин түрлөрүнөн алынган кирешелер;

- банктык кредиттер;

- жогору турган уюмдардын капиталдык салымдары;

- эл аралык жана коомдук уюмдардын инвестициялары жана гранттары;

- жергиликтүү жана республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактары.

9.3. ''Бишкекбашкыархитектура" МИ экономикалык максатка ылайыктуулукту жана ишкананын иш-аракетиндеги зарылчылыкты эске алуу менен, уставдык максаттарына жана иш-аракеттеринин предметине ылайык мүлкүн пайдаланат.

9.4. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин финансылык-чарбалык иш-аракеттеринен жана башка булактардан түшкөн кирешелеринин эсебинен куралган же алынган мүлкү, "Бишкекбашкыархитектура" МИни өнүктүрүү үчүн пайдаланылат, муниципалдык менчикке түшөт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, башка мыйзамдар жана укуктук актылар тарабынан белгиленген тартипте "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүүсүнө өткөрүлүп берилет.

9.5. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында алынган пайдасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана локалдык ченемдик актыларга ылайык салык салынууга жатат. Мэрия ишкана тарабынан түзүлгөн анын чарба жүргүзүүсүндө турган мүлктү пайдалануудан түшкөн таза пайданын 50% пайызын отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө алууга укуктуу. Таза пайданын калдыгы "Бишкекбашкыархитектура'' МИнин фонддорун түзүү үчүн пайдаланылат.

9.6. Негизги фонддорду көбөйтүүнү "Бишкекбашкыархитектура" МИ мыйзамдарда белгиленген тартипте өз алдынча жүзөгө ашырат, негизги каражаттарды эсептен чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

X. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук

10.1. "Бишкекбашкыархитектура" МП өз иш-аракеттерин өз алдынча иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт. "Бишкекбашкыархитектура" МИ белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт.

10.2. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин финансылык планын "Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги бекитет.

10.3. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин иш-аракеттерин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

XI. Кайра уюштуруу тартиби

11.1. "Бишкекбашкыархитектура" МИни кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

11.2. "Бишкекбашкыархитектура" МИни кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

11.3. "Бишкекбашкыархитектура" МИни жоюу Мэриянын чечими же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

11.4. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин, калган "Бишкекбашкыархитектура" МИнин мүлкү, бул мүлккө буюм укугу, же "Бишкекбашкыархитектура" МИге карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясы болгон, анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.

11.5. "Бишкекбашкыархитектура" МИ мамлекеттик каттоочу орган тарабынан тиешелүү буйрук кабыл алынган учурдан тартып жоюлган болуп эсептелинет.

11.6. "Бишкекбашкыархитектура" МИнин иш процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.


Вице-мэр


Б.Дюшембиев


"Бишкекбашкыархитектура" МИнин начальниги


А.Тулебердиев