БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 9-февралы № 20

Бишкек шаарынын жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий кыймылсыз эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жумабек көчөсү 117деги - "Ак-Сай" мейманканасынын имараты - жергиликтүү маанидеги архитектуранын эстелигинин архитектуралык-көркөмдүк баалуулугунун жоготулгандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 20-майындагы № 161-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2015-жылдын 10-июнундагы жыйынынын протоколун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2016-жылдын 5-февралындагы № 04-3/374 катын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Мыйзамынын 22, 27-статьяларын жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий кыймылсыз эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине коргоодогу 113-катар номериндеги сабына "жоготулган" деген белгиси киргизилсин.

2. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы (Б.Абдиев) Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий кыймылсыз эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде Жумабек көчөсү, № 117деги "Ак-Сай" мейманканасынын имаратынын - жергиликтүү маанидеги архитектура жана тарыхый эстеликтин жоготулгандыгы жөнүндө белги коюу менен тийиштүү өзгөртүү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо вице-мэр Б.О.Дюшембиевге жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальниги Б.А.Абдиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

К.Кулматов