КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2014-жылдын 11-августу № 463

Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө жобо бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси менен бирге электрондук кайрылуулардын интернет-порталын (мындан ары - Кайрылуулар порталы) бир айлык мөөнөттө киргизсин. 

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү ишке ашырышсын: 

- Кайрылуулар порталы аркылуу электрондук кайрылууларды кабыл алуу, кайра иштетүү жана кароо; 

- келип түшкөн электрондук кайрылуулардын эсебин алуу жана алардын өз убагында жана объективдүү каралышын контролдоо. 

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жарандардын электрондук кайрылуулары менен иштөөсүн талаптагыдай уюштурбагандыктары үчүн персоналдык жоопкерчиликтери белгиленсин. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын интернет тармагына кошуунун атайын тарифтик планын бекитүү жөнүндө маселени караштырышсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кайрылуулар порталы аркылуу келип түшкөн жарандардын электрондук кайрылууларын кароонун мониторингин жана ай сайын талдоону ишке ашырсын. 

7. Бул токтом жалпыга маалымдоонун расмий каражаттарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарындагы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын маалыматтык ресурстарында жарыяланууга тийиш. 

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо"  газетасынын "КР Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2014-жылдын 29-августунда N 15-16 (468-469) жарыяланды             

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлөт. 


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Дж.Оторбаев




Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 11-августундагы
№ 463 токтому менен
бекитилген

Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Электрондук кайрылуулар интернет-порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо тартиби жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жарандардын электрондук кайрылууларын кароого байланышкан мамилелерди жөнгө салат. 

2. Бул жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: 

- администратор - Кайрылуулар порталын башкаруу жана модернизациялоо боюнча функциялар бекитилген адам;

- адресант - мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электрондук кайрылуу жолдогон адам; 

- адресат - электрондук кайрылуу жолдонгон аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жекече кабинети - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын адресаттын тизмесинен тандалып алынган кайрылуулары келип түшкөн Электрондук кайрылуулардын интернет-порталынын атайын бөлүгү. Жекече кабинетке кирүү үчүн логинди жана паролду жазуу зарыл;

- коопсуздук коду - бул автоматтык түрдө аткарылуучу тез-текшерүү. Көпчүлүк учурларда тамгалардын жана/же цифралардын бузулуп бурмаланган жазуусу. Алар ызы-чууну, кыйшаюуларды, кошумча линияларды же ар кандай фигураларды киргизүүнү колдонуу менен ар кандай түстүү айкалыштарда жазылышы мүмкүн. 

3. Электрондук кайрылуулардын интернет порталы (мындан ары - Кайрылуулар порталы) жарандардын электрондук кайрылууларын бардык мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кабыл алуу, кайра иштетүү жана кароо процесстерин автоматташтырууну камсыздоочу, http://www.kattar.kg адреси боюнча интернет тармагына жайгаштырылган маалыматтык тутум. 

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык ресурстары Кайрылуулар порталына активдүү шилтеме жасоону камтууга тийиш. 

5. Кайрылуулар порталы жарандардын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу укуктарын камсыздоо механизмдеринин бири болуп саналат. 

6. Жарандардын электрондук кайрылуулары "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана бул Жобонун талаптарына туура келген учурда милдеттүү түрдө каралууга тийиш. 

7. Электрондук кайрылуулардын авторлорунун персоналдык маалыматтары жөнүндө кабарлар персоналдык мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен сакталат жана иштеп чыгарылат. 

8. Кайрылуулар порталынын укук ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты болуп саналат. Техникалык коштоону Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы 

"Инфо-Система" мамлекеттик мекемеси ишке ашырат. 

9. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде Кайрылуулар порталын пайдаланып, жарандардын электрондук кайрылууларын кароонун тартибин сактоо менен такай контролдоону ишке ашырышат. 

2. Электрондук кайрылууларды кабыл алуу жана жөнөтүү тартиби 

10. Электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн зарыл болгон реквизиттери менен электрондук кайрылуунун белгиленген формасын толтурууну караштырган Кайрылуулар порталы пайдаланылат. 

11. Электрондук кайрылуу "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана бул Жобонун 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен Кайрылуулар порталында жайгаштырылган форма боюнча толтурулат. 

12. Электрондук кайрылуунун формасы төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди (талаачаларды) камтууга тийиш: 

- электрондук кайрылуу жөнөтүлгөн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы же болбосо тиешелүү кызмат адамынын аты-жөнү, же болбосо тиешелүү адамдын кызматы; 

- жарандын аты-жөнү;

- жарандын социалдык статусу (тизмеден тандалып алынат); 

- байланыш телефонунун номери (үй, мобилдүү же жумушчу телефону);

- жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги; 

- жарандын  электрондук дареги (e-mail)/жашаган жеринин дареги; 

- кайрылуунун темасы (тизмеден тандалып алынат); 

- кайрылуунун мазмуну (кайрылуунун маани-маңызын баяндоо);

- билдирүүнү жөнөтүү датасы жана номери (автоматтык түрдө түзүлөт);

- файлды же электрондук документти тиркөө;

- коопсуздук коду. 

13. Электрондук кайрылуунун белгиленген формасынын милдеттүү реквизиттери толтурулбаган учурда бул кайрылууну кабыл алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү берилет. 

14. Электрондук кайрылуу формасы кошумча талаачаларды камтышы мүмкүн: 

- датасын жана келип түшкөн убакытын, Кайрылуулар порталы тарабынан ыйгарылган кириш номерин көрсөтүү менен электрондук кайрылууну кабыл алуу жөнүндө электрондук дарекке маалымдоо;

- электрондук билдирүү - кайрылууда чечилиши бул мамлекеттик органдын компетенциясына кирбеген маселелер камтылган учурда электрондук кайрылууну кайра жөнөтүү жөнүндө маалымдоо. 

15. Кайрылуулар порталын программалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жайгаштырылган электрондук кайрылуунун өлчөмү, басма тексттеги (А 4 форматы) тексттик символдордун (4000ге чейин) саны менен чектелет. 

16. Электрондук документтерге (электрондук документтер, фото жана видео материалдар) 5 Мбдан ашпаган өлчөмдөгү электрондук кайрылуулар тиркемесине жол берилет. 

17. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүлөрдү камтыган электрондук кайрылууларды карабай коюуга акылуу: 

- цензуралык эмес же маскаралоо сөздөрдү;

- улуттар аралык жана конфессиялар аралык араздашууну тутантууга чакырыктар, ошондой эле өкүм сүргөн мамлекеттик түзүлүштү кулатуу чакырыктары;

- конкреттүү арыздарды, даттанууларды, сунуштарды жана суроо-талаптарды камтыбаган кайрылуулар;

- жарнамалык мүнөздөгү ар кандай маалыматты камтыгандар. 

18. Арыз ээси өзүнүн кайрылуусун маани-маңызы боюнча караганга чейин тиешелүү электрондук (кат жүзүндөгү) арыз берүү аркылуу кайра алууга укуктуу. 

3. Жарандардын электрондук кайрылууларын каттоо жана кароо тартиби

19. Кайрылуулар порталына келип түшкөн жарандардын электрондук кайрылууларын каттоону жана иштетүүнү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жекече кабинетти башкаруу функциясы бекитилип берилген жооптуу адам, администратор мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө ишке ашырат. Электрондук кайрылуусу алынган күндөн кийин 1 жумушчу күндүн ичинде жаранга Кайрылуулар порталы тарабынан ыйгарылган кириш номерин, датасын жана убакытын көрсөтүү менен кайрылууну каттоо жөнүндө электрондук кабар автоматтык түрдө жөнөтүлөт. 

21. Электрондук кайрылуу алынгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жаранга анын кайрылуусу кароого кабыл алынгандыгы жөнүндө ыйгарылган кириш номерин, келип түшкөн датасын жана убакытын көрсөтүү жана тиешелүү сурап-билүү телефондорун же кароодон баш тартуу  жөнүндө баш тартуунун себептерин негиздөө менен электрондук кабар-маалымдоону жөнөтөт. Андан кийин электрондук кайрылуу басылып чыгарылат жана аны менен андан ары иштөө белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

22. Электрондук кайрылууну кароонун жүрүшүндө электрондук кайрылууну алган кызмат адамы электрондук кат алышуу жолу менен же көрсөтүлгөн кайрылууга телефон боюнча байланышуу аркылуу кайрылуунун маани-маңызын тактоого укуктуу. 

23. Кабыл алынган электрондук кайрылуу компьютердин экранында электрондук каттоо карточкасы түрүндө көрсөтүлөт. 

24. Электрондук кайрылууларды каттоо Кайрылуулар порталында автоматтык түрдө ишке ашырылат жана электрондук кайрылуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жекече кабинетине жөнөтүлөт. 

25. Электрондук кайрылууну кабыл алган жооптуу адам аны бул Жобонун 12-пунктуна ылайыктуулугун текшерүүгө жана кийинки аткаруучуну аныктоо үчүн кызмат адамына өткөрүп берүүгө милдеттүү. 

26. Аткаруучу аныкталгандан кийин жооптуу адам тарабынан электрондук кайрылуу аткарууга электрондук же кагаз форматында берилет. 

27. Аткаруучуга электрондук кайрылуу өткөрүлүп берилген учурдан тартып ал жөнүндөгү андан аркы иш "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-1 жана 8-беренелеринде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.