Шаардык мэриясынын 1997-жылдын 3 мартындагы №83 токтомунун негизинде “Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү “185” кызматы” мекемеси деп аталган.
Мекеменин максаттары жана милдеттери:
Ыкчам чара көрүү кызматынын негизги максаты жана милдети болуп авриялык кырдаалда жарандардын маселелерин күнү-түнү чечилишин камсыздоо болуп саналат.
Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында мекеме төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат:
Шаардык нормалдуу жашоо шарттарынын камсыздалышы көз каранды болгон шаардын аймагына орундашкан бардык шаардык кызматтардын жана мекемелердин өз ара аракеттенишин координациялоо.
Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигине шаардын бардык тармактарындагы (коммуналдык- турмуштук,турак-жай, укуктук, финансылык, социалдык, соода, байланыш, транспорт, саламаттыкты сактоо, агартуучулук, маданий, көрктөндүрүү) жашоо ишмердигинин чыныгы кырдаал туурасында билдирүү.
Шаардык кызматтардын ыкчам түрдө өз ара аракеттенүүсүн жана шаардын калкы менен шаардык бийликтин байланышын жогорулатуу.