«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаменти» муниципалдык мекемеси (мындан ары - Департамент) ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иш алып барган юридикалык жак болуп саналат.
«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаменти» муниципалдык мекемеси (мындан ары - Департамент) ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында иш алып барган юридикалык жак болуп саналат.
«Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаменти» муниципалдык мекемесинин жобосу
Департаменттин кыскартылган фирмалык аталышы:
2. Департаменттин иш-аракеттеринин максаты
7. Департаменттин иш-аракетинин негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектуралык-шаар куруу жана инвестициялык-курулуш иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле жерди натыйжалуу пайдалануу, шаардын архитектуралык-көркөм көрүнүшүн, мамлекеттик, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды эске алуу менен жашоо тиричиликтин жагымдуу чөйрөсүн түзүү үчүн ыңгайлуу шарттамды түзүү максатында шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын аймагында бирдиктүү саясатты түзүү саналат.
3. Департаменттин милдеттери жана иш-милдеттери
8. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү саясатын жүргүзүү жана ишке ашыруу;
- шаардын аймагында шаар куруу, архитектура, курулуш, жер пайдалануу жана көркөм жасалгалоо маселелерин белгиленген тартипте чечүү;
- Бишкек шаарынын шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэөриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн натыйжалуу иш-аракеттерин жана өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- Департаменттин компетенциясынын чегинде бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу камсыздоо.
9. Департамент жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:
- Бишкек шаарынын аймагында колдонулуучу шаар куруу, архитектура, курулуш иш-аракеттери жана жер пайдалануу жаатында Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана жүргүзүүнү координациялоо;
- Бишкек шаарынын аймагында жана шаардын чет жакасындагы зоналарында колдонулуучу мамлекеттик, шаар куруу, архитектуралык, курулуш жана жер пайдалануу саясатын иштеп чыгууга катышуу;
- курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин, Бишкек шаарынын жер пайдалануусун тартипке келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аларды билгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
- шаардын Башкы планынын жана башка бекитилген шаар куруу документтеринин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана камсыздоо;
- шаардын айрым бөлүктөрүнүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Бишкек шаарынын шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө муниципалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; -Мунимципалдык обьектерди курууну жана реконструкциялоону жүзөгө ашыруу жана шаардык аймактарды көрктөндүрүү боюча программаларды жана пландарды иштеп чыгууга катышуу, анын жүрүшүнө мониториг жана талдоо жүргүзүү;
- муниципалдык турак жай үлүштүк курулуш боюнча программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү;
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө иштерди түзүү жана жүзөгө ашыруу;
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө коюлган милдеттерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүү камсыздоо максатында Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларын жана Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин консолидациялоо;
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин кароо, иштеп чыгуу, демилгелөө, макулдашуу жана аткарууну камсыздоо;
- шаардык аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, фасаддарды архитектуралык-көркөм жасалгалоо, дизайнерлик иш жана сырткы жарнактык-маалыматтык иш-аракеттер боюнча сунуштарды киргизүү;
- долборлорду жана шаар куруу документтерин иштеп чыгуу боюнча кеңештерди, кеңешмелерди, конференцияларды, жумушчу топторду белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштуруу;
- өз компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын мэриясынын инвестициялык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Департаменттин ыйгарым укуктарынын алкагында шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгууга катышуу.
4. Департаменттин ыйгарым укуктары жана милдеттери
10. Департамент ушул Жобо менен аныкталган өзүнүн максаттарын, милдеттерин жана иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- ыкчам башкаруу укугунда өз мүлкүнө ээ болууга, өз иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлкүнүн дайындалышына ылайык ага ээлик кылууга жана пайдаланууга -Департаменттин иш-аракеттерин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүүгө;
- Департаменттин иш-аракеттерин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышууга;
- жарандарды кабыл алууга, өз компетенциясынынмаселелери боюнча түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- уюмдаштыруучу менен макулдашуу боюнча башка юридикалык жактарды уюмдаштырууга;
- Бишкек шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө келишимдерди, контрактарды, макулдашууларды жана башка документерди түзүүгө;
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнөн зарыл болгон маалыматты жана документтерди суроого жана алууга;
- өз компетенциясынын чегинде жана Бишкек шаарынын жетектөөчү вице-мэри менен макулдашуу боюнча шаар куруу, архитектура, курулуш жана жер пайдалануу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда, аларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жана кызматынын чектетүү жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө;
- Департаменттин автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүгө, коштоого жана өркүндөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга.
11. Департамент төмөнкүлөргө милдеттүү
- ыкчам башкаруу укугунда ага берилген мүлктүн сакталышы боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
- кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо жана алардын ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Департаменттин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоо;
- калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүгө;
- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.
5. Департаментти башкаруу
12. Департаменттин жогорку органы болуп Уюмдаштыруучу болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин иш-аракетине жалпы координация жүргүзөт, Департаментти түзүү, Департамент жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу, Департаменттин түзүмүн штаттык санын жана штаттык ырааттамасын бекитүү, Департаменттин директорун жана директордун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.
13. Уюмдаштыруучу Департаменттин иш-аракетине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
14. Департаменттин иш-аракетине жалпы жетекчилик жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотуулучу директор жүзөгө ашырат.
15. Директор укуктарга, милдеттерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жооркерчилик тартат, ушул жобонун жана эмгек келишиминин негизинде иштейт.
16. Департаменттин директору ишеним катсыз Департаменттин атынан чыгат, келишимди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт. Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, ушул Жобо тарабынан белгиленген чекте каражаттарды тескөө укугуна ээ болот, белгиленген тартипте Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, соттордо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын көрсөтөт, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде Департаменттин атынан чыгат.
17. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана иш- милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
18. Департаменте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директордун орун басарын кызмат орду каралган.
19. Департаменттин директору жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар ж.б) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда анын ыйгарым укуктарын Департаменттин директорун орун басары убактылуу жүзөгө ашырат. Департаменттин финансылык документтерине кол коюу укугу директордун орун басарына директордун тийиштүү буйругунун негизинде өткөрүлүп берилет.
20. Кызматкерлердин иштөө жана эс алуу шарттамы, аларды социалдык камсыздоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
21. Департаменттин түзүмү, штаттык ырааттамасы, чыгашар сметасы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
6. Департаментти материалдык-финансылык камсыздоо
22. Департаментке ыкчам башкаруу укугунда мүлк бекитилип берилет. Департамент ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана тескөөгө укуктуу.
23. Департаментти күтүүгө финансылык чыгымдар Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен жүргөзөлөт
7. Департаменттин эсепке алуусу жана отчёттуулугу
24. Департамент Кыргыз Республикасынын мызамдарына белгиленген тартипте бухалтердик эсепке алууну жүргүзөт.
25. Департамент өз иш-аракеттерин иштелип чыккан иш пландарын негизинде жүзөгө ашырат.
26. Департамент Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте финансылык-чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду берет.
27. Департаменттин директору жана бухгалтери Департаменттин финансы каражаттарынын жана мүлкүнүн туура эсепке алынышы жана максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Департаменти кайра уюштуруу жана жоюу
28. Департаментти кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүштүрүү, бөлүү, кайра түзүү) Уюмдаштыруучунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
29. Департаментти жоюу (иш-аракеттерин токтотуу) Уюмдаштыруучунун чечимине ылайык же соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
30. Кредиторлордун талаптары канаттандырылгандан кийин калган Департаменттин мүлкү бул мүлккө буюмдук укугу бар анын Уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.
31. Департамент каттоочу орган тарабынан тийешелүү буйрук чыгарылган учурдан тартып жоюлду деп эсептелет.
32. Департаментти кайра уюштурууда жана жоюуда жумуштан бошотулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө компенсация төлөнүп берилет.
33. Департаменттин иш-аракети процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Джаманбалин Азамат Джолдубаевич