"Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы" мекемесинин
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы" мекемеси (мындан ары текст боюнча - "Башкармалык") Бишкек шаарында жер мамилелеринин муниципалдык саясатын жүргүзүүнү жана экономикалык-укуктук жөнгө салууну камсыздоочу Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.
Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүнө кирген ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
2. Башкармалык ушул Жободо аныкталган компетенциялардын чегинде жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы боюнча комитетин (каттоо номери: 7573-3301-У-е, ОКПО коду: 21060681, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 56) жана Бишкек Жер комитетин (каттоо номери: 18209-3301-У-е, ОКПО коду: 23007849, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү, 31) кайра уюштуруунун натыйжасында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 31-мартындагы № 140 "Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы" мекемесин уюштуруу жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктарынын жана милдеттеринин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Башкармалык - "Мекеме" уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, банктык мекемелерде өз алдынча баланска, эсептерге, бюджеттик алыш-бериш эсебине, казыначылык органдарда депозиттик эсепке (Бишкек шаары боюнча РКБ), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилде өзүнүн аталышы бар тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штамптарга жана башка кабыл алынган реквизиттерге, расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыга алат.
4. Башкармалык өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында, Бишкек шаарынын мүлк кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына жана ушул Жобого ылайык иш жүргүзөт.
5. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан түзүлөт.
6. Башкармалык өзүнүн иш-аракеттерин башкаруунун жана бийликтин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
7. Башкармалыктын мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу маселелери боюнча, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбеген келишимдик негизде түзүлөт.
8. Башкармалык аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт.
9. Башкармалыктын түзүлүшүнө жана анын иш-аракетине тийиштүү жана ушул Жободо чагылдырылбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
10. Башкармалык башка юридикалык жактарды түзүүдө жана алардын иш-аракетине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана катыша алат.
11. Башкармалыктын аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы" мекемеси.
- расмий тилде: Учреждение "Управление земельных ресурсов мэрии города Бишкек".
12. Башкармалыктын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, 720017, Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246.
13. Башкармалыктын кызматкерлери муниципалдык кызматчылар болуп саналышат. Аларга Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери, укуктары жана милдеттери жайылтылат.
14. Башкармалыктын компетенциясынын чектеринде кабыл алынган чечимдер, тескемелер жана буйруктар Бишкек шаарынын аткаруу бийлигинин бардык органдары, менчиктин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
15. Башкармалык өзүнүн иш-аракетинде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.
16. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону жүзөгө ашырат.
17. Бишкек шаардык кеңеш муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырат.
2. Башкармалыктын максаттары жана милдеттери
18. Башкармалыктын максаты болуп Бишкек шаарында жер мамилелеринин муниципалдык саясатын жүргүзүүнү жана экономикалык-укуктук жөнгө салууну камсыздоочу Бишкек шаарынын жерлерин башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу саналат.
Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- белгиленген тартипте муниципалдык жерлерге карата Бишкек шаарынын мэриясынын атынан менчик ээсинин укуктарды жүзөгө ашыруу;
- менчиктин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана жарандык-укуктук мамилелеринин чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
- шаардык жер саясатты, анын ичинде шаардык жерлерди баалоонун усулдарын жана критерийлерин, жер үчүн төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн жана аларды алуу тартибин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдалануунун жана жерди сарамжалдуу пайдалануунун экономикалык өбөлгөлөө механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин экономикалык-укуктук жөнгө салуунун тутумун ишке ашырууну иштеп чыгууга жана камсыздоого катышуу;
- Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жерлерди кошуу менен жер участокторуна укуктарды берүү үчүн арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды, анын ичинде Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча тооруктарды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарынын жер реформасы жана архитектуралык-шаар куруу иш-аракети чөйрөсүндө шаардык социалдык-экономикалык программаларды аткаруу.
3. Башкармалыктын негизги иш-милдеттери
19. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткарат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинен Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине жерлерди кабыл алууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган муниципалдык менчикти түзүүнүн башка учурларында жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик сырды сактоо жана маалыматты коргоо функцияларын аткаруу менен мамлекеттик сырга жана купуя маалымат категориясына тийиштүү маалыматтарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо шарттамын ишке ашырат;
- Башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумун түзүүнү, коштоону жана өркүндөтүүнү төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырат:
- электрондук документ жүгүртүү тутуму;
- Бишкек шаарынын менчик объекттеринин эсеби;
- Бишкек шаары боюнча муниципалдык менчиктин электрондук реестри;
- Башкармалыктын электрондук реестри;
- Башкармалык жана башка жактар ортосундагы түзүлгөн келишимдер боюнча электрондук реестр;
- Бишкек шаарынын муниципалдык жер участокторун чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдаланууга бекитүүнү жол-жоболоштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бишкек шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөп, инвестициялык программаларды иштеп чыгууда, ишке ашырууда жана эсепке алууда өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышат;
- Бишкек шаарынын жер участокторун ижарага берүүчү катары чыгат;
- мүлктүк мамилелерди жөнгө салууну жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Бишкек шаарынын кызыкчылыгын көздөйт;
- Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы боюнча чыгып сүйлөйт, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкдар түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналган уюмдарды, мекемелерди жана ишканаларды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана көрсөтөт;
- Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүүдөн шаардын бюджетине каражаттардын түшүү болжолун даярдайт жана көрсөтөт, бул түшүүлөрдү камсыздоо үчүн керектүү чараларды көрөт;
- жер участокторун сатуу боюнча иш жүргүзөт, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды уюштурат жана киргизет;
- Бишкек шаарынын жер участокторунун наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
- жарандарга белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча ишти уюштурат;
- өзүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөдө Бишкек шаарынын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарды коргоону камсыз кылат;
- жер пайдалануучулар менен болгон ижара мамилелеринде Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана өкүлү болуп саналат;
- Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча белгиленген тартипте чечимдердин (токтомдордун), ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдеринин долбоорлорун даярдайт, түзөт жана аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларын эсептөөнү жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери
20. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин тескөөгө, Бишкек шаарынын жерлерине карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүүгө;
- муниципалдык менчикте турган, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилген жер участокторун сатуу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерин белгиленген тартипте ишке ашырууга;
- Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын сот органдарында көздөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторуна доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген залалдарды төлөтүү жөнүндө доолорду өзүнүн компетенциясынын чектеринде доолоого;
- Бишкек шаарынын мэриясына жана Бишкек шаардык кеңешке жерлерди багыты боюнча эмес пайдалануу, жер участогун сарамжалдуу пайдаланбоо, жер участокторун жер жөнүндөгү мыйзамдарында, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдорунда жана буйруктарында, жер участокторуна укуктар келишимдеринде каралган мөөнөттө пайдаланылбаган учурларда жерлерди толугу менен же анын бөлүгүн алып коюу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- жер участокторун пайдалануу маселелери боюнча жер пайдалануучуларга/ижарачыларга көрсөтмө берүүгө жана тийиштүү органдарга тартип бузууларды жокко чыгаруу үчүн тийиштүү чараларды колдонуу максатында материалдарды жөнөтүүгө;
- Башкармалыктын иш-аракетин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүү;
- Башкармалыктын иш-аракетинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;
- өзүнүн компетенциясынын маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга.
Башкармалык төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген залал үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Башкармалыктын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого;
- башкарууга берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;
- белгиленген тартипте башка милдеттерди аткарууга.
21. Башкармалык ушул Жободо көрсөтүлбөгөн жана ага жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу үчүн дагы башка тийиштүү укуктарга ээ.
22. Башкармалык шаардык бюджеттин каражаттарынын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен Башкармалык тарабынан түзүлгөн, топтолгон жана сатып алынган маалымат ресурстарынын жана автоматташтырылган маалымат тутумдарынын менчик ээси жана кожоюну болуп саналат.
23. Башкармалык пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) чөйрөсүн, маалымат ресурстарын пайдалануу жана таратуу шарттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык чектелген жетүү мүмкүнчүлүгүнүн маалыматын сактоо шарттамын аныктайт.
5. Башкармалыктын иш-аракетин уюштуруу
24. Башкармалыктын жогорку органы болуп Бишкек шаарынын мэриясы саналат, ал мыйзамдарга ылайык Башкармалыкты түзүү, Башкармалык жөнүндө жобону бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу, Башкармалыктын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү, Башкармалыктын начальнигин жана начальнигинин орун басарын дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.
25. Бишкек шаарынын мэриясы Башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
26. Башкармалыктын жетекчиси болуп - муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник саналат.
27. Башкармалыктын начальниги:
- Башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;
- Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын чегинде Башкармалыктын штаттык ырааттамасын, түзүмүн жана иштөө тартибин бекитүүгө көрсөтөт;
- бекитилген штаттык ырааттамага жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Башкармалыктын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Башкармалыктын атынан чыгат;
- ишеним катсыз Башкармалыктын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- Башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Башкармалыктын мүлкүн, акча каражаттарын кошуу менен башкарат;
- Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген сметага ылайык, Башкармалыктын кызматкерлерине карата сыйлоо жана жаза көрүү чараларын кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык Башкармалыктын жумуш шарттамын белгилейт.
- өзүнүн орун басарынын компетенциясын аныктайт;
- мыйзамдарга ылайык банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол коёт, финансылык жана эсеп тартибинин сакталышын камсыз кылат;
28. Башкармалыктын начальниги бир орун басарга ээ.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Башкармалыктын начальниги жокто (убактылуу эмгекке жөндөмсүздүк, кызматтык иш сапар ж.б.) же ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, анын ыйгарым укуктарын убактылуу Башкармалыктын начальнигинин орун басары жүзөгө ашырат.
Начальник жокто, финансылык документтерге кол коюу укугу бул жөнүндө начальниктин тийиштүү буйругунун негизинде начальниктин орун басарына өткөрүлүп берилет.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары функционалдык милдеттеринде жана Башкармалыктын начальнигинин буйруктарында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде иш жүргүзөт.
Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин бөлүмдөрдүн начальниктери жана секторлордун башчылары жетектейт. Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш-аракеттери, алар жөнүндө жоболор менен регламенттелет.
Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Башкармалыктын начальниги тарабынан берилген ишеним каттарынын негизинде жана ушул Жободо, Башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматтык нускамалар жөнүндө жоболорунда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында үчүнчү жактардын алдында Башкармалыктын атынан иш жүргүзөт.
6. Башкармалыктын мүлкү
29. Башкармалыктын мүлкүн ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында чагылдырылган негизги жана жүгүртмө каражаттар, финансылык ресурстар (интеллектуалдык менчиктин объекттерин кошуу менен) түзөт.
Башкармалык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен гана ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.
30. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
7. Эсепке алуу жана отчёттуулук
31. Башкармалыктын иш-аракетин контролдоону Бишкек шаарынын мэриясы жүргүзөт.
32. Башкармалык мыйзамдарда белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту көрсөтөт. Башкармалыктын иш-аракетин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле мыйзамдарга ылайык бул укук берилген уюмдар жүргүзөт.
33. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алуунун тууралыгы жана Башкармалыктын финансы каражаттарын жана мүлкүн максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Эмгек мамилелери
34. Башкармалык кызматкерлердин квалификациялык талаптарын мыйзамдарда белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт. Администрация менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
35. Башкармалык иштеринин тийиштүү көлөмүн аткаруу үчүн жарандарды мөөнөттүү эмгек келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде тартуу укугуна ээ.
36. Башкармалыктын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу шарттамы, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.
9. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу
37. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте киргизилет.
38. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана анда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
39. Башкармалыктын иш-аракетин токтотуу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими же сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.
40. Башкармалыкты жоюу Башкармалыкты жоюу тартибин жана мөөнөттөрүн белгилеген Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дайындалган жоюу комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
41. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, анын мүлкүн алып коюуга же карыздарын жабууга багытталган насыя берүүчүлөрдүн бардык талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана канааттандырылат.
42. Каттоо органы тарабынан тийиштүү буйрук чыккан күндөн баштап, өз иш-аракетин токтоткон Башкармалыктын жоюлушу аяктады деп эсептелинет.
43. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин, Башкармалыктын калган мүлкү, бул мүлккө буюм укуктары же Башкармалыкка карата милдеттенмелик укугу бар Бишкек шаарынын мэриясы болгон, анын уюмдаштыруучусуна өткөрүлүп берилет.
44. Иш процессинде пайда болгон документтер жоюу учурунда Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.