"Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы" муниципалдык мекемесинин
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1. "Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы" муниципалдык мекемеси (мындан ары башкармалык) Бишкек шаарынын жүргүнчү транспортунун (автобустар, троллейбустар, кичиавтобустар) ишин уюштурууну, координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, жол-транспорт инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүүчү, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуучу Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
2. Башкармалык өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаардык кеңештин токтомдоруна, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна жана буйруктарына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Башкармалык "муниципалдык мекеме" уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, эсептик жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар гербдүү мөөргө, тийиштүү мөөрлөргө, штамптарга, өздүк эсепке, фирмалык бланктарга ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
4. Башкармалыктын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Шабдан Баатыр көчөсү, 4.
5. Башкармалыктын аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы" муниципалдык мекемеси;
- расмий тилде: Муниципальное учреждение "Управление городского транспорта мэрии города Бишкек".
2. Башкармалыктын максаттары жана милдеттери
6. Башкармалыктын ишинин максаты Бишкек шаарынын калкын коомдук транспорттор менен сапаттуу транспорттук ташууну уюштурууда бирдиктүү шаардык саясатты жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, транспорт иш-аракетинин инфраструктурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чара көрүү, шаар көчөлөрүндөгү жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча чара көрүү жана аларды иштеп чыгуу болуп эсептелет.
7. Башкармалыктын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү бирдиктүү шаардык коомдук транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу жаатында бирдиктүү шаардык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле коомдук транспорт жаатында өнүгүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жана калыптандыруу;
- шаардын аймагында жүргүнчүлөрдү транспорттук ташуу жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салынуучу рыногун түзүү, анын нормалдуу иштеши жана өнүгүшү үчүн шаардык коомдук транспорттор менен коопсуз жана үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу менен бирге шарттарды түзүү, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу;
- жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарын кошуп алуу менен, коомдук (муниципалдыкты кошуу менен) транспорт инфраструктурасын күтүү, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү маселелерин комплекстүү чечүү.
3. Башкармалыктын негизги иш-милдеттери
8. Башкармалык жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгүдөй иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
- жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана транспорт инфраструктурасы жаатында бирдиктүү шаардык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Бишкек шаарынын мэриясына киргизүү;
- шаардык коомдук транспорт чөйрөсүндө концепциялардын, стратегиялардын, өнүктүрүү программаларынын, иш-чаралар пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу, белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясы бекиткенден кийин аны аткарууну уюштуруу;
- жетектеген багыттар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна киргизүү;
- мыйзамдарда каралган өз компетенциясынын чегинде шаардык жүргүнчү транспортунда жол кире төлөмүнүн тутумун жакшыртуу жана тарифтик долбоорлорду түзүү (жеңил таксиден тышкары);
- жүргүнчүлөр транспорттун, жүргүнчүлөрдүн жана ташуучулардын укуктарын коргоонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө жана пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган, Бишкек шаарынын калкына өз компетенциясынын чегинде жүргүнчүлөрдү ташуу менен бирге кызматтарды көрсөткөн муниципалдык транспорт ишканалардын, жүргүнчүлөр транспортунун жана транспорттук ишканалардын ишмердигин координациялоо жана жөнгө салуу;
- менчиктин бардык түрүндөгү коомдук жүргүнчү транспорттордун, транспорттук ишканалардын ишмердигин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн муниципалдык ишканалардын алдыдагы өнүгүү программаларын иштеп чыгуу, көрсөтүлгөн программалардын ишке ашуусун координациялоону жүргүзүү;
- муниципалдык транспорт ишканаларынын жетекчилеринин отчётторун кварталына бир жолудан кем эмес угуп туруу;
- муниципалдык жана менчик ташуучулардын иш-аракеттерине, кыймылдуу курамдын тийиштүү чыгуусун камсыздоосуна, кыймылдын графиктеринин жана каттамдардын кыймыл чиймелеринин сакталышына, пландык чыгууларынын санына, ташуучулардын диспетчердик башкаруу милдеттерин аткаруусуна, ошондой эле калкты тейлөө сапатына күнүмдүк контроль жүргүзүү;
- жеңилдикке ээ болгон жарандарды муниципалдык коомдук транспорт менен ташуу үчүн автотранспорттук ишканаларга чыгымдардын ордун толтуруу үчүн субсидиялардын жылдык көлөмүнүн эсебин белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштуруу;
- кызматтарга болгон сурамдарды пландоо, шаардын каттам тармагын түзүү, каттамдардын жана кыймылдын жүгүртмөсүнө паспортторду бекитүү, аларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Бишкек шаарынын каттамдарын бөлүштүрүү жана шаардык каттамдарды үзгүлтүксүз тейлөө үчүн авто ташуучуларды аныктоо боюнча ачык конкурстарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык уюштуруу;
- өткөрүлгөн сынактын жыйынтыктары боюнча (же сынак өткөрүлгөнгө чейин убактылуу), менчиктин бардык түрүндөгү ташуучу-субъекттер менен Бишкек шаарынын каттамдарын пайдалануу укугуна (шаардык каттамдарды үзгүлтүксүз тейлөө) келишимдерди түзүү, ошондой эле ташуучулар тарабынан бул келишимдин шарттарынын аткарылышына контроль жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин, анын ичинен ташуучулар тейлеген каттамдардагы жүргүнчү транспортунун ишинин режиминин ченемдеринин (кыймыл чиймелери, иш графиги, кыймыл аралыгы ж.б.) сакталышын камсыздоо;
- Шаардык транспорт башкармалыгынын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана алардын бөлүмдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен өз ара аракеттенүү;
- шаар аймагында сыйымдуулугу кичине автобустар токтоочу, кетүүчү жайларында эрежелердин жана талаптардын бузулушуна тыюу салуу боюнча тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте иш-чараларды уюштуруу жана аларга катышуу;
- көчө-жол тармактарынын абалына жылдык изилдөө өткөрүүгө катышуу, өз компетенциясынын чегинде аныкталган кемчиликтерди жоюуга мониторинг уюштуруу;
- коомдук транспорттун тийиштүү иштешин камсыздоо үчүн шаар жолдорун оңдоо жана реконструкциялоо зарылчылыгы боюнча сунуштарды киргизүү;
- жол кыймылы коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенип, Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылын уюштурууну жакшыртуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштуруу жана иштеп чыгуу;
- аялдама комплекстеринин абалына мониторинг жүргүзүү, коомдук транспорттун тийиштүү иштешин камсыздоо үчүн коомдук транспорттун жаңы аялдамаларын куруу жана колдонуудагы аялдамалардын тийиштүү абалы боюнча сунуштарды киргизүү, кызыкдар болгон кызматтар менен биргеликте тийиштүү иштерди аткарууну уюштуруу;
- Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте аныктаган иштер жана кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык тапшырыкчынын иш милдеттерин аткаруу;
- жол кыймылынын коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүдө, Бишкек шаарынын аймагында светофор менен жөнгө салуу системасын модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү.
4. Башкармалыктын укуктары жана милдеттери
9. Башкармалык төмөнкү укуктарга ээ:
- башкармалыктын ишин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды жана башка документтерди түзүүгө;
- Башкармалыктын ишинин ченемдик укуктук базасын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- башкармалыктын компетенциясына тиешелүү маселелерди кароо жана чечүү үчүн тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын өкүлдөрүнүн, ташуучулардын, коомдук уюмдардын макулдашуусу боюнча тартуу менен комиссия түзүүгө.
10. Башкармалык төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- жүктөлгөн милдеттерин жана иш-милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууга;
- комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун иштерине катышууга же Башкармалыктын компетенциясына кирген маселелер боюнча аларды башкарууга;
- жарандарды өз компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алуу, түшкөн сунуштарды, арыздарды жана дооматтарды кароого, алар боюнча керектүү чараларды көрүүгө;
- өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча менчиктин бардык түрүндөгү ташуучулар менен каттамдарды пайдалануу укугун берүү боюнча келишим түзүүгө, ошондой эле ташуучулар тарабынан келишимдик милдеттемелердин аткарылышына контроль жүргүзүүгө.
5. Башкармалыктын ишин уюштуруу
11. Бишкек шаарынын мэриясы башкармалыктын жогорку органы болуп саналат, ал мыйзамдарга ылайык башкармалыкты түзүү, башкармалык боюнча жобону бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, башкармалыкты кайра уюштуруу же жоюу, башкармалыктын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү, башкармалыктын начальнигин дайындоо жана бошотуу маселелерин чечет.
12. Бишкек шаарынын мэриясы башкармалыктын ишине тийиштүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
13. Башкармалыкты Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу начальник башкарат.
14. Башкармалыктын начальниги:
- башкармалыктын ишин уюштурат жана жетектейт;
- башкармалыкка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген чектелген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде бөлүмдүн штаттык ырааттамасын, түзүмүн бекитүүгө берет;
- бекитилген штаттык ырааттамага жана Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык, конкурстун негизинде башкармалыктын кызматкерлерин жана жумушчуларын кызматка дайындайт жана бошотот;
- башкармалык Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенишүүлөрдө болот;
- башкармалыктын атынан ишеним катсыз бүтүмдөрдү түзөт;
- башкармалыктын кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башкармалыктын мүлкүн, акча каражаттарын кошуу менен башкарат;
- башкармалыктын кызматкерлери жана жумушчулары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бөлүмдүн кызматкерлерине жана жумушчуларына карата сыйлоо жана жаза колдонуу чараларын кабыл алат;
- Шаардык транспорт башкармалыгынын учурдагы жана келечектеги иш пландарынын аткарылышын камсыздайт;
- ишеним кат берет жана аны жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык башкармалыктын иш режимин бекитет.
15. Башкармалыктын начальниги бир орун басарга ээ.
Башкармалыктын начальнигинин орун басары Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Башкармалыктын начальниги иште жок (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар ж.б.у.с.) же башкармалыктын начальнигинин ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын начальниктин орун басары Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимине ылайык.
6. Башкармалыктын материалдык-финансылык камсыздалышы
16. Башкармалыкка мүлк ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
17. Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү (негизги каражаттарды) тескөөгө укуктуу.
18. Башкармалыкты күтүүгө чыгымдарды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы бекиткен чыгымдар сметасына ылайык, шаардык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
19. Башкармалык финансылык иш-аракет маселесинде Бишкек шаарынын мэрине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгына отчёт берет.
7. Эсепке алуу жана отчеттуулук
20. Башкармалык өзүнүн чарбалык ишинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту жүргүзөт жана анын ишмердиги үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Башкармалыктын начальниги жана башкы бухгалтери эсепке алуу жана отчеттуулук жүргүзүү тартибинин сакталышы, анын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
8. Башкармалыкты кайра уюштуруу жана жоюу
22. Бул Жобого өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдары менен ишке ашырылат.
23. Башкармалыкты кайра уюштуруу же жоюу, Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын тартибинде ишке ашырылат.
24. Башкармалыкты кайра уюштуруу (кошулуу, ажыратуу, бөлүнүү, бириктирүү, кайрадан түзүү) Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча жүзөгө ашырышы мүмкүн.
25. Башкармалыкты жоюу Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча же соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.
26. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин, башкармалыктын калган мүлкү анын бул мүлккө буюмдук же башкармалыкка карата милдеттүү укугу бар, анын уюмдаштыруучусу - Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлөт.
27. Башкармалыкты каттаган орган тийиштүү чечим кабыл алган учурдан баштап жоюлду деп эсептелет.
28. Башкармалыктын иш процессинде келип чыккан документтер, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.