"Жол сыноо лабораториясы" муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыгып, "Жол сыноо лабораториясы" муниципалдык ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишмердигин регламенттейт.
2. Ишкананын түзүүчүсү болуп Бишкек шаарынын мэриясы (мындан ары - Мэрия) саналат. Ишкана Бишкек шаарынын мэриясынын түздөн-түз карамагында жайгашкан.
3. Ишкана Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 30-мартындагы № 247 токтомунун негизинде түзүлгөн "Жол сыноо лабораториясы" Муниципалдык ишканасынын укуктук жактан кабыл алуучусу болуп саналат.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жол сыноо лабораториясы" Муниципалдык ишканасы;
- расмий тилде: Муниципальное предприятие "Испытательная дорожная лаборатория";
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- "ЖСЛ" МИ;
- МП "ИДЛ".
5. Ишкананын юридикалык дареги: 720065 Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Литовская көчөсү, 206.
6. Ишкана өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын актыларын, ошондой эле ушул Уставды колдонмо кылып алат.
7. Ишкана Муниципалдык ишкананын уюштуруучулук укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.
8. Ишкана юридикалык жак болуп саналып, белгиленген тартипте эсептешүү эсебин, анын ичинен Кыргыз Республикасынын банктарынан валюталык эсебин ачууга укуктуу.
Ишкананын мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган штампы, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары бар.
2. Ишкананын милдеттери жана функциясы
9. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- автожолдорду курууда пайдаланылуучу материалдардын сапатына контроль жүргүзүү;
- лабораториялык сыноолорду жүргүзүү зарылдыгына байланышкан курулуш-жол иштери учурунда негизги технологиялык процесстерди операциялык контролдоого катышуу.
10. Ишкана жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөндөгү функцияларды аткарат:
- Ишкана окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөө иштери боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
- методологиялык материалдарды жана окуу-методикалык китепчелерин иштеп чыгууга катышат;
- автомобилдик жолдорду жана көпүрөлөрдү, транспорттук тоннелдерди куруу долбоорлоруна материалдарды колдонуу боюнча жол-курулуш материалдарын изилдейт;
- материалдарды жана буюмдарды физика-механикалык мүнөздөрдө ишкананын аккредиттөө тармагына ылайык сырттагы уюмдар менен аныктоо;
- Кыргыз Республикасындагы жана анын аймагынын чегиндеги жол-курулуш материалдарын ГОСТу жана AASHTO боюнча тестирлөөгө карата келишим менен иштөөчү уюмдар ортосунда келишимдерди түзүү.
11. Ишкана мамлекеттик монополияга каршы органдар менен макулдашуу боюнча ыйгарымдуу орган тарабынан белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар түрдүү тейлөө кызматтарын көрсөтөт.
3. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте коюлган милдеттерди аткаруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу:
- чарба жүргүзүү укугуна карата өз мүлктөрүнө ээ болууга, аларга өз ишмердигинин максатына ылайык жана мүлктүн бекитилиши менен ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээлик кылууга, милдеттерди аткарууга, сотто дооматчы жана жоопкер болууга, мыйзамга каршы келбеген бардык бүтүмдөрдү жасоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын, тартибин жана өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык түзүүгө;
- Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен башка юридикалык жактардын түзүүчүсү болууга.
13. Ишкананын кызматкерлеринин иш жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын ченемдери жана Ишкананын жамааттык келишими менен жөнгө салынат.
14. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- бардык кызматкерлерин эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана белгиленген мыйзам менен алардын саламаттыгына жана эмгек жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн жооп берүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
- тийиштүү органдарга өз убагында отчёт берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган тартипте жана өлчөмдө салык жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
15. Ишкана Мэриянын карыздары боюнча жооп бербейт, ал эми Мэрия Ишкананын карыздары боюнча жооп бербейт.
16. Ишкана чарба жүргүзүү укугундагы өзүнө тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага, күрөөгө берүүгө, ал мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз чарба коомдорунун жана шериктештиктин уставдык капиталына салым катары киргизүүгө же башка жол менен ошол мүлккө кожоюндук кылууга укугу жок.
17. Ишкана менчик ээси менен макулдашуу боюнча эгер ал Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Ишкананын Уставына каршы келбесе, бул Уставда каралбаган башка укук жана милдеттерге да ээ болушу мүмкүн.
4. Ишкананы башкаруу
18. Ишкананын ишмердигинин жалпы жетекчилик ишин жана координацияланышын Мэрия ишке ашырат.
19. Мэрия Ишкананын ишмердигине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
20. Ишкананын кирешелер жана чыгашалар сметасы Мэриянын чечими менен бекитилет.
21. Ишкананы башкаруу Бишкек шаарынын мэри тарабынан шайлануучу жана кызматтан бошотулуучу начальниги тарабынан ишке ашырылат.
22. Начальник Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган тартипте укук, милдеттерге ээлик кылат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.
23. Ишкананын начальниги:
- Мэрияга отчёт берип турат жана Ишкана алдына коюлган милдеттерди аткарууда жана өз ишинин жыйынтыктарына карата персоналдык жоопкерчиликте болот;
- Мэриянын чечимдерин аткарууну камсыздайт;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын көрсөтөт, келишим түзөт, ишеним каттарын берет, банктарда эсептешүү эсептерин ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- ишкананын ишмердигине жетекчилик ишин ишке ашырат;
- Ишкананын башкы инженеринин, башкы бухгалтеринин, кызматкерлердин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитип, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине демилге берүүгө жана тартип жаатында таасир этүүгө карата чара көрөт;
- Бишкек шаарынын мэриясына мыйзамда, рынок конъюнктурасында, эмгек шарттарында ж.б. өзгөрүүлөр болгон учурда бул Уставга оңдоо киргизүү жөнүндө сунуш киргизет;
- Ишкананын ишмердиги үчүн толук персоналдык жоопкерчиликти алып жүрөт;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди ишке ашырат.
24. Ишкананын башкы инженер, башкы бухгалтер жана инженердик-техникалык кызматкерлери начальник тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Башкы инженер:
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, начальник жана башкы инженер ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн өз ыйгарым укуктарынын чегинде жоопкерчиликтин персоналдык участокторуна ылайык Ишкананын ишмердигине жетекчилик кылат;
- начальник жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапар ж.б.) же начальниктин ыйгарым укуктары токтотулган учурда ыйгарым укуктарды убактылуу ишке ашырат.
Начальник жок учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу начальниктин бул боюнча тийиштүү буйругунун негизинде берилет.
25. Ишкананын начальниги жана башкы бухгалтери финансы каражаттарынын жана мүлктөрдүн эсебинин тууралыгына жана аларды максаттуу пайдаланууга жоопкерчиликтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык толук материалдык жоопкерчиликти алып жүрөт.
5. Ишкананын мүлкү, акча каражаты жана кирешени бөлүштүрүүсү
26. Ишкана мүлкү ишкердик ишин иш жүзүнө ашыруу үчүн бекитилген.
27. Ишкана мүлкү негизги жана айланма каражаттан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.
28. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда турган обочолонгон мүлккө ээ, ал мүлккө карата өз милдеттерине жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге ээлик кыла алат, сотто дооматчы жана жоопкер боло алат.
29. Ишкана өзүнө бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана буйрук чыгаруу укугун Кыргыз Республикасы жана Мэрия тарабынан белгиленген мыйзамдын чегинде ишке ашырат.
30. Ишкана мүлктү Мэриянын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишмердиктин уставдык максатына жана предметине ылайык пайдаланат.
31. Ишкана тарабынан курулган же финансылык-чарбалык ишмердиктен жана башка булактардан келип түшкөн кирешенин эсебинен алынган мүлк муниципалдык менчикке түшүп, чарба жүргүзүү укугу тарабынан бекитилет.
32. Ар кварталда Ишкана Мэрияга бюджетин пайдалануу боюнча жана финансылык-чарба ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду берип турат.
33. Чарбалык ишмердиктин жыйынтыгында алынган ишкананын кирешесинен Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык салык алынат. Ишкананын бир жылдык финансылык-чарбалык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча 50%дан аз эмес пайыздык таза кирешеси жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө кийинки отчёттук мезгилдин артынан жергиликтүү бюджетке которулат. Таза кирешенин калдыгы Ишкананын фонддорун түзүү үчүн колдонулат.
6. Ишкананын эсеби, пландоосу жана отчёттуулугу
34. Ишкана өз ишмердигин иштин өз алдынча иштелип чыккан пландарынын негизинде ишке ашырылат. Ишкана Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде бухгалтердик эсебин жана статистикалык отчёттуулугун жүргүзөт.
Ишкананын ишмердигин текшерүү иши Кыргыз Республикасынын тийиштүү контролдоочу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
7. Ишкананы кайра уюштуруу жана ликвидациялоо
35. Ишкананы кайра уюштуруу жана ликвидациялоо Мэриянын чечими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган учурда жана тартипте соту тарабынан ишке ашырылат.
36. Ишкананы кайра уюштуруу же ликвидациялоодо иштен бошотулуучу кызматкерлерге компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
37. Ишкананын ишмердик процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.