Шаардык кызматтардын жетекчилери шаар тургундары менен тыгыз кызматташып келет. Калаада эпидемиологиялык абал бираз турукташып калгандыктан, шаардыктарды кабыл алуу башталды.

Бүгүнкү күндөн баштап Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров шаар тургундарын кабыл ала баштады.

Биринчи кабыл алууга 22 шаар тургуну келди. Көбүнчө шаардыктар күркө жана башка жеңил типтеги объектилерди орнотууга уруксат берүү, мыйзамсыз орнотулган объектилерди, жарнама конструкцияларын алуу маселелери боюнча кайрылышты.

А.Кадыров бардык көйгөйлөрдү угуп, айрым маселелерди жеринде чечти. Башкармалыктын башчысы дайыма байланышта. Анын вотсап номери: 0703 633833.

Жолугушуулар санитардык талаптарды катуу сактоо менен өткөрүлүп, аралык сакталды.

Урматтуу шаардыктар! Көйгөйлөрдү мэриянын ыкчам чараларды көрүү кызматына 1840 жана 1850 номерине чалып калтырсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеофактыларын  0554182185 номерине калтырыңыз.

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!