Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелерин ижарага алган ишкерлерден шаарды ирээтке келтирүүгө жардам берүүлөрүн суранат.

Жер пайдалануу эрежелери боюнча ижарачы ижара келишимин жаңы мөөнөткө узартуу үчүн жазуу түрүндө арыз калтыруусу керек. Тилекке каршы, 25-августка карата 58 компаниянын жана ишкердин жарнак такталары, стеллаждар, көрнөк-жарнак баннерлери үчүн жерди ижарага берүү келишиминин мөөнөтүн бүткөн. Тизме бул жерде.  Азыркы күнгө чейин келишимди узартуу боюнча жазуу түрүндөгү арыздар муниципалитеттин дарегине түшө элек.

Урматтуу ишкерлер! Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ижарачыларга беш күндүн ичинде бардык милдеттерин аткарууларын сунуштайт. Эгерде милдеттер аткарылбаса, биз белгиленген тартипте жарнама конструкцияларын алып салабыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!