Бул жылы муниципалдык аймактагы объектилерге инвентаризация жүргүзүү беш этаптан өткөрүлгөндүгү тууралуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Азамат Кадыров онлайн-брифирнгде билдирди.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы – Бишкек шаарынын аймагындагы жер пайдалануу жана курулуш эрежелеринин сакталышына жооп берген башкармалык. Курулуш эрежелери бузулган учурда башкармалык жана  «Тазалык» муниципалдык ишканасы мыйзамсыз орнотулган объектилерди түрттүрүшөт.

Муниципалдык менчик объектилерин инвентаризациялоону  өткөрүү боюнча атайын комиссия 17 миң 267 объект жайгашкан 13 миң 946,57 гектар аянттагы аймакты текшеришти. Анын ичинен 4 миң 247 жер пайдалануу жана курулуш эрежелери бузулгандыгы аныкталды.

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгында иш кагаздарын жүргүзүү толугу менен автоматташтырылган маалыматтык системага киргизилген. Ошондой эле, бардык объектилердин толук маалыматтары көрсөтүлгөн мобильдик тиркеме иштелип чыкты.

Санариптештирүү дагы улантылууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Эгерде мыйзамсыз же белгиленбеген жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр 0703633833 (Алина) номерине билдирип коюңуздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/

Instagram: @uzs.bishkek

Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!