Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын командасы шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалашат. Башкармалыктын кызматкерлери гана шаардагы мыйзамсыз орнотулган жеңилдетилген типтеги объектилерди, күркөлөрду, жарнама конструкцияларын, капиталдык курулуштарды жана башаламан соода түйүндөрүн алуу иштерин жүргүзүшөт.

Жер жана транспорт саясаты боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын бир нече кызматкерине ак ниет жана үзүрлүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди:

•         Абсаматов Айбек Султанбекович;
•         Жолдошбекова Асель Жолдошбековна;
•         Маткулов Санжар Жапарбекович;
•         Кадыкеев Тилек Жекшенбаевич;
•         Курамаев Кубат Бейшенбекович.

Бишкек шаарынын мэриясы кесиптештерди сыйлыктары менен куттуктап, чоң ийгиликтерди каалайт.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!