Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

Жакында Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма алынып салынды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен «Мурас-Ордо» жаңы конушунун №2271 тилкесинде жайгашкан турак үй түрттүрүлдү. Үйдүн кожоюндарында тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Ошондой эле, №6 кичи районунун №10 үйүнүн жанына орнотулган тосмо алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сураныч, жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактаңыздар!

Эгерде мыйзамсыз же белгиленбеген жерге орнотулган объектини көрсөңүздөр 0703633833 (Алина) номерине билдирип коюңуздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!