Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү 2020-жылдын жаз мезгилинен башталган өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу, өз ишин санитардык эрежелерди жана аралыкты сактоо менен аткарууда.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана чарба жүргүзүүчү субъектилеринин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча иш-милдеттери жүктөлгөн адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча окутуучу семинар-тренингдер өтүлдү. 

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин Ленин, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондук администрацияларынын жана аларга караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн, “Колл-борборунун”, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү жана Ички аудит башкармалыктарынын, “Бишкек жарнама”, “Санариптик технологиялар борбору”, “Шаардык сейил бактар”, “Тазалык”, “Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары”, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкек жарык” муниципалдык ишканаларынын, “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын кызматчыларына иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу семинарлары өткөрүлдү.