Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиевдин тапшырмасы менен "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын адистери Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги  аймакты көрктөндүрүү боюнча долбоордун эскизин иштеп чыгышты.


Аянты 730 чарчы метрди түзгөн жөө жүргүнчүлөр аймагы шаар үчүн көркөм жана тарыхый мааниге ээ болгон "Ленин биз менен" мозайка панносунун алдында жайгашкан.


Панно  1978-жылы курулган, автору - сүрөтчү Л.А. Ильин.  Кыргыз ССР Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин Аткаруу комитетинин 1981-жылдын 9-июлундагы чечиминин негизинде жергиликтүү маанидеги көркөм өнөр эстелиги статусуна ээ.


Эскиздик долбоорго  ылайык, көчө эмеректерин алмаштыруу жана тротуарларды, аянтчаларды каптоо,  жаңы жарыктандыруу орнотуу менен аймактын абалын жакшыртуу каралган. Мындан тышкары, панного жарык орнотуу, куураган чөптөрдү, таштандыларды  жок кылуу, бак-дарактарды отургузуу жана гүлзарларды көрктөндүрүү  сунушталууда.


Долбоорду ишке ашыруу менен бул жер көрккө келип,  шаардыктардын жана борбордун конокторунун  эс алуучу жайына айланат деп үмүттөнөбүз, ал эми кечки убакытта  панно мозаиканын бардык түстөрү жанып турат.

Белгилей кетсек, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы ири сейил бактар менен скверлердин долбоорлорун иштеп чыгуу менен катар, чакан аймактардын долбоорлорун даярдоо, долбоорлоо менен дагы алектенет.

Борбор калаада ондогон тилкелер бар, айрымдарына долбоорлор иштелип жатат.

Чакан сейил бактарын түзүү практикасы Европада жана Түндүк Америкада кеңири жайылган. Анткени, бул коомдук жайлар үчүн бош жашыл жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу жана арзан ыкмасы болуп саналат.  Шаардын жыш отурукташкан жерлеринде  кичинекей парктардын пайда болушу шаардыктардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.


Бишкек – любимый город парков и скверов!


Баса, мындай ыңгайлуу коомдук аймактын бири жакында Москва көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде, Integra Hotel Investment компаниясынын эсебинен, Novotel мейманканасынын жанына, эч кандай тоскоолдуксуз  курулат, бул биздин шаарды көрктөндүрүүгө алардын баа жеткис салымы болуп калат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!