Мэрдин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаевдин  жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жетекчилиги алдында  муниципалитеттин коллегиясы болуп өттү.

Коллегияда күз-кыш мезгилин өткөрүү - шаардык турак жай-коммуналдык чарба кызматтарынын иши талкууланды.

Шаардык  чарба департаментинин директорунун орун басары М.Шеримбаев жылытуу мезгили иштеп жаткандыгын билдирди. Бишкек шаарынын ЖЭБи жана от казандары керектүү көлөмдөгү отун менен камсыз болушкан. Муздатуучу заттын параметрлери аба ырайынын шартына жараша температуранын графигине дал келет. Бардык даярдык-профилактикалык иш-чаралар планга ылайык жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын тургундары жылуулук энергиясын жана  ысык сууну  эки уюмдан алышат: Улуттук энергохолдингдин туунду ишканасы - "Бишкекжылуулуктүйүнү" ААК жана мэриянын түзүмдүк бөлүмү - "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы.

Шаардыктар үчүн быйыл 126,0 миң тонна көмүр камдоо пландалууда. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы  аркылуу 3,469 аз камсыздалган  үй-бүлө 19,9 миллион сом өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү алышты.

Ошондой эле 600 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан  отун таратылды.  Райондук акимиаттардын башчыларына, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына  жылуу колдоо алуучулардын кошумча тизмесин  түзүү тапшырылды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы  калаанын көчөлөрүнүн, тротуарлардын тазалыгын ар дайым көзөмөлдөп, көчөлөрдү  кардан, муздан тазалайт. Кыш мезгилинде 38 атайын техника жана 40ка жакын кызматкер тартылган. 715 адам, 121 жүктөгүч штаттык  режимде иштешет. Октябрдын аягына чейин 4270 тонна техникалык туз камдалды.

Коллегиянын жыйынтыгында  турак жай-коммуналдык чарба кызматынын отчету кабыл алынып,  токтом кабыл алынды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!