Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, вице-мэр Уланбек Азыгалиев берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Архитектура, курулуш жана жер маселелери боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Азамат Сагындык уулу дайындалды. Ал буга чейин мэриянын жер ресурстар башкармалыгын жетектеп келген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!