Шаар өз ишин улантууда. 1-апрелден баштап Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында 6 көчөнүн тилкелеринде жол иштерин жана бир көпүрөнүн курулушун баштоо пландалууда.

Эки жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумду куруу менен реконструкциялоонун кезеги:

• Карасаев көч. Байтик Баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;
• Логвиненко көч.Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
• Ак-Тилек көч. Элебесов көчөсүнөн “Ак-Тилек” турак-жай конушундагы Дзержинский көчөсүнө чейин;
• Култегин көч. Гидростроитель көчөсүнөн "Энесай" турак-жай конушундагы Энесай-20 көчөсүнө чейин;
• Дзержинский көч. Жибек-Жолу проспектисинен Баялинов көчөсүнө чейин;
• "Мурас-Ордо" конушуна кирген жол  "Озерное" айылынан "Мурас-Ордо" турак-жай конушуна чейин.

Ошондой эле, “Ак-Босого” турак жай аймагындагы Архитекторлор көчөсүндө Кичи Чүй Каналы аркылуу көпүрө куруу пландалууда.

Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, 1-апрелден баштап жогоруда аталган тилкелерде нөшөрлүү жаан-чачын болуп, жол жарым-жартылай чектелет, жолду 7-апрелге толук жабып оңдоо пландаштырылган. Жабуу схемалары бул жерде: TB 7st.pdf

Эскерте кетсек, аталган долбоордун алкагында 15-марттан баштап 14 жол тилкесинде жол иштери башталган  https://www.meria.kg/ru/post/21571.

Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрө куруп жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көптөгөн көчөлөр кеңейтилет же калыбына келтирилет, баарында тротуарлар жана ирригациялык тармактар каралган. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, подрядчиктер - кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы.

Урматтуу шаардыктар! Тынчсызданбаңыздар! Бул тизмедеги https://www.meria.kg/ru/post/17923 көчөлөрүнүн бардыгы сөзсүз түрдө оңдолот, бир гана унаа жол эмес, тротуарлар жана ирригация  иштери да тартипке келтирилет. Учурда биз автоунаа кыймылы аз көчөлөрдү оңдоп жатабыз, алардын көпчүлүгү турак жай конуштарында. Шаардын борборунда жайгашкан көчөлөрдө оңдоо иштери жай мезгилинде, автоунаа кыймылы бир кыйла азайганда башталат.