Шаар эч нерсеге карабай өз ишин улантууда. Шаардык кызматтардын кызматкерлери графикке ылайык,  борбор калааны көрктөндүрүү боюнча жазгы "процедураларды" жүргүзүшүүдө.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы көчөлөрдү, аялдамаларды, тосмолорду, бордюрларды жана отургучтарды жууп баштады.

Ошол эле учурда урналарды жана отургучтарды оңдоо, сырдоо иштери жүрүп жатат.

Жекшемби күнү нөөмөткө 294 тазалоочу, 120 жүктөгүч 54 атайын техниканын катышуусу менен кадимки режимде иштешти. Контейнерлерден катуу тиричилик таштандыларын чыгарып 100гө жакын адам иштөөдө.

Жай жакындап калды. Борбордун фонтандары жайкы сезондун ачылышына даярданып жатышат.

Күздөн бери биз пландаштырылган оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүп жатабыз: бардык клапандар иретке келтирилди, электр кыймылдаткычтары бекемделди,  клапандар менен насостордун ортосундагы болттор, электр кыймылдаткычтарынын жана насостордун подшипниктери алмаштырылды, электр кыймылдаткычтарынын кабелдери даттан жана башка көптөгөн нерселерден тазаланды.

Азыр "Тазалык" ишканасы фонтандардын бардыгын топурактан, кумдан жана таштандылардан тазалап, түтүктөрдү жана тумбаларды сырдоодо.

Урматтуу шаардыктар! Фонтандардын ишке кирүү датасы жөнүндө кошумча маалымат беребиз, сиздерге кабарлап турабыз.

Эске салсак, “Тазалыктын” балансында 16 фонтан комплекси бар.