Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калааны иретке келтирүү жана мыйзамсыз жеңил объектилерди алуу иштерин улантууда.

Инспекция 12-кичирайондо мыйзамсыз орнотулган «Огород» дүкөнүн демонтаждоо иштерин баштады.

Түштүк-2 кичирайонунда 5 күркө алынып салынды.

«Мыйзамсыз» орнотулган «Алтын-Көл» дүкөнү алынып,  55 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Жалпы аянты 6 чарчы метр болгон бут кийим оңдоочу жай да алынды.

15 чарчы метрди ээлеген «Питомец» дүкөнү, 43 чарчы метрди ээлеген "Южанка" дүкөнү дагы алынды, ошондой эле «Грей» дүкөнү да демонтаждалып, 14 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.